Бишкекте митингчилер Жапаров, Ташиев жана Мариповдун чыгышын талап кылышууда. Видео

© Sputnik / Эркин СадыковБишкекте өкмөт үйүнүн алдында митингчилер
Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында митингчилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Ушул тапта өкмөт башчы менен атайын кызматтын төрагасы өлкөдө жок. Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешмесинин кезексиз жыйынына катышуу үчүн Татарстанга учуп кеткен. Ал эми Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн Германияга кеткенин бүгүн УКМКдан билдиришти.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында өтүп жаткан митингдин катышуучулары президент Садыр Жапаров, премьер-министр Улукбек Марипов жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин эл алдына чыгышын талап кылып жатышат.
Эске салсак, Баткен облусундагы чек ара жаңжалына бийлик тарабынан көңүл бурулуп тез арада чечилишин талап кылган 100гө чукул жаран митингге чыккан.
Ушул тапта Кыргызстанда өкмөт башчы менен атайын кызматтын төрагасы жок. Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешмесинин кезексиз жыйынына катышуу үчүн Татарстанга (Россия) учуп кеткен. Ал эми Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн Германияга кеткенин бүгүн УКМКдан билдиришти. Бирок көп өтпөй ал артка кайтып келе жатканын билдирди.

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Окуя учурунда сегиз кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөө ок жеп оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Медайым ооруканада бейтап менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Баткенде чек арадагы чырдан дагы 4 киши жаракат алып ооруканага түштү
Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери талаштуу 70 аймактын тагдырын чече албай келет.
Ал эми кыргызстандын борбору Бишкек шаарында чек ара чырына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулмай болду.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0