Чек ара чыры: үч айылдан чыгарылган 400 адам Баткен шаарына жеткирилди

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиБаткен облусунун Көк-Таш айылындагы аскер кызматкерлер
Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы аскер кызматкерлер  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Абал курчуган айылдардан жалаң балдар менен аялдар чыгарылды. Алардын айрымдарынын кан басымы көтөрүлүп, ыкчам бригада жардам берүүдө.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарынан 400 киши чыгарылып, Баткен шаарындагы айрым мектептердин имаратына жайгаштырылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.
"Абал курчуган айылдардан жалаң балдар менен аялдар чыгарылды. Азыр жайгашкан жеринде айрымдарынын кан басымы көтөрүлүп, медициналык жардамга муктаж болгондор бар. Аларга ыкчам бригада жардам берип жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле 400 адамды тамак-аш жана керектүү каражаттар менен камсыздоо маселеси чечилип жатат.

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Дамба. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
УКМК: "Головной" суу бөлүштүрүү жайы Кыргызстандын стратегиялык объектиси
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Окуя учурунда 11 кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөө ок жеп оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Сөз болуп жаткан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0