Президент Кыргызстана Садыр Жапаров. Архивное фото

Садыр Жапаров Баткендеги чек ара чыры боюнча элге кайрылды

339
(жаңыланган 18:21 29.04.2021)
28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз. Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат. Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам", — деди Жапаров. 

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.

Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы аскер кызматкерлер
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.

Акыркы маалымат боюнча, окуя учурунда 17 кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөө ок жеп оор абалда жатат, дагы бири көз жумду. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.

Сөз болуп жаткан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

339
Белгилер:
чек ара, Баткен облусу, Садыр Жапаров
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (218)
Тема боюнча
Жапаров чек ара жаңжалын жөнгө салууну Артём Новиковго тапшырды
Чек арада жарадар болгондор 11ге жетип, Бишкек, Оштон медиктер жөнөтүлдү
УКМК: "Головной" суу бөлүштүрүү жайы Кыргызстандын стратегиялык объектиси
Головной суу бөлүштүрүүсү

Жапаров “Головной” суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоо тапшырмасын берди

156
(жаңыланган 22:59 06.05.2021)
Садыр Жапаров Баткен облусуна барып, чек арадагы жаңжалда жабыркаган эл менен жолукту. Ошондой эле зыянга учураган объектилерди көрдү.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Головной" суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоону тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

  • Президент КР Садыр Жапаров во время выступления на военном полигоне Бужум в Баткенской области. 06 мая 2021 года
    Президент Садыр Жапаров "Головной" суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоону тапшырды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Военный полигон Бужум в Баткенской области во время визита президента КР. 06 мая 2021 года
    Баткен облусуна болгон сапарында президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, “Бужум” аскердик полигону менен Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Суу дарыясында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайга барды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров "Головной" суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоону тапшырды

Баткен облусуна болгон сапарында президент Садыр Жапаров “Бужум” аскердик полигону менен Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Суу дарыясында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайга барды.

“Мамлекет башчы суу бөлүштүрүүчү жайды жана объектти кайтарган аскердик бөлүк турган аймакты көрүп чыгып, тийиштүү мамлекеттик органдарга суу бөлүштүрүүчү жайды модернизациялоону тапшырды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Жапаров “Бужум” полигонундагы аскер кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, мамлекет Куралдуу Күчтөрдүн алдындагы социалдык милдеттенмелеринин бардыгын аткара турганын жана күч түзүмдөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

156
Белгилер:
модернизациялоо, Садыр Жапаров, "Головной" суу бөлүштүрүүчү, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (218)
Тема боюнча
Чек арадагы жаңжалдын кесепети. Баткендин жүрөктү тилген сүрөттөрү
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Россия коронавируска каршы дагы бир вакцинаны каттоодон өткөрдү

51
(жаңыланган 23:00 06.05.2021)
Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетери айтылды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасын каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет. Бул учурда текшерилгендердин 96.6 пайызында IgG антителосу, 91,67 пайызында вирусту алсыздандыра турган антитело пайда болорун аныкталды. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экени белгилүү болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда анын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы өтүп, ага Россия, БАЭ, Гана сыяктуу мамлекеттерден 7 миң киши катышып жатат. Жыйынтыгы ушул айда белгилүү болот.

"Спутник Лайт" Гамалея борбору менен Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) биргеликте иштеп чыккан "Спутник" вакцина топтомуна кирет.

Буга чейин Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург "Спутник Лайт" аталган мамлекеттерде оорунун мизин кайтарып, жергиликтүү саламаттык сактоо тармагына сезилерлик колдоо болорун белгилеген.

51
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Майдын ортосунда "Спутник V" вакцинасынын дагы бир партиясы келери күтүлүүдө
Рио-де-Жанейро шаарында метродо атышуу

Бразилияда метродо атышуу болуп, 25 киши көз жумду. Видео

0
(жаңыланган 00:31 07.05.2021)
Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында метродо полиция менен баңгизат сатуучулардын арасында атышуу болуп, 25 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, шаар полициясы баңгизат сатуучуларды кармоо үчүн атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 24 шектүү жана полициянын бир офицери каза болгону айтылат. Алардан тышкары төрт адам жаракат алган. Экөө жай тургун экени кошумчаланды.

0
Белгилер:
өлүм, видео, атышуу, полиция, Бразилия
Тема боюнча
Баткендеги үйдөн Ми-24 тик учагынан атылган авиаракета табылды. Видео