Чек арага ыктыярчы жиберүүнүн зарылдыгы жок. Президенттик аппараттын билдирүүсү

© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиВоенный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном
Военный конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Билдирүүдө кыргыз-тажик тилкесиндеги бул окуя кыргыз элинин биримдигин, тилектештигин, мекенчилдигин жана жаңжалды жөнгө салууга катышууга умтулгандыгын көрсөткөнү айтылат.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал турукташты, кырдаал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө аймакта биринчи вице-премьер Артем Новиков башында турган жумушчу топ иш алпарып жатканы, жаңжалды жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды көргөнү айтылат.
"Эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча эки өлкө өкмөттөрүнүн демилгеси менен түзүлгөн комиссиялар окуянын себептери менен кесепеттерин талкуулап, куралдуу кагылышууну токтотуп, жеке бөлүктөрдү жана аскер техникаларын туруктуу жайларына чыгарып кетүү жөнүндө билдирүүгө кол коюшту", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматта мамлекеттик чек арада чыңалууну болтурбоо жана күчөтпөө боюнча чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.
"Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги бул окуя кыргыз элинин биримдигин, тилектештигин, мекенчилдигин жана жаңжалды жөнгө салууга катышууга умтулгандыгын көрсөттү. Өткөн түнү Кыргызстандын көптөгөн жарандары чек ара аймагына барып, чыр-чатакты жөнгө салууга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү каалаганын билдиришти. Учурда чек арага ыктыярчыларды жиберүүнүн зарылчылыгы жок. Кыргызстандын жарандары бул ишти мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшыруусу керек. Чыңалуунун очогу жоюлду, кырдаал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жөнгө салынды. Өкмөттүн жумушчу тобу өз ишин улантып жатат. Бардык жардамдар, дары-дармек, азык-түлүктөр Баткен облусуна токтоосуз жеткирилүүдө" — деп айтылат таратылган маалыматта.

Баткендеги кандуу жаңжал

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.
Биринчи вице-премьер Артем Новиков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Баткенде чогулган элдин алдына Артем Новиков чыгып сүйлөштү
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет.
Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Бүгүн эртең менен Ички иштер министрлиги чыр чыккан аймакта абал туруктуу экенин, кырдаал көзөмөлдөнүп жатканын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0