Спецназ кызматкери. Архив

Спецназ болчу... Чек ара чырынан көз жумган офицердин сөөгү Ат-Башыга жөнөтүлдү

514
(жаңыланган 10:57 30.04.2021)
Маркумдун жакындарынын айтымында, Эсентур Кубанычбек уулу Россиядан чек ара кызматы боюнча жогорку аскердик окуу жайын бүтүрүп келген.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан каза болгон офицердин сөөгү Бишкекке жеткирилип, Ат-Башыга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга маркумдун досу билдирди.

Военнослужащий Эсентур Кубанычбек уулу родом из села Ак-Муз, погибший в ходе конфликта на кыргызско-таджикской границе в Баткене
© Фото / предоставлено родственниками Эсентура Кубанычбек уулу
Анын айтымында, көз жумган аскер Эсентур Кубанычбек уулу Ат-Башынын Ак-Муз айылында туулган

Анын айтымында, көз жумган аскер Эсентур Кубанычбек уулу Ат-Башынын Ак-Муз айылында туулган.

"Ал Нарын районундагы Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы аскерлеринин жетекчисинин орун басары болчу. Эсентур Нарындан Баткен облусуна эки апта мурда кызмат өтөөгө кеткен. Каза болгонун түндө уктук", — деди ал.

Эсентур Кубанычбек уулу Россиядан чек ара кызматы боюнча жогорку аскердик окуу жайын бүтүрүп келгени маалым болду.

"Эсентур ата-энеси жок болгондуктан туугандарынын колунда өскөн. 8-класска чейин Ак-Муз айылындагы Боогачы орто мектебинде билим алып, андан кийин Дайыр Асанов атындагы аскер лицейин бүтүргөн. Кийин Россияда 5 жыл чек ара адистиги боюнча билимин жогорулаткан. Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын аскер тобунда иштеп келген", — деди досу.

Баткендеги чек ара чыры

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.

Биринчи вице-премьер Артем Новиков. Архив
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет.

Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Бүгүн эртең менен Ички иштер министрлиги чыр чыккан аймакта абал туруктуу экенин, кырдаал көзөмөлдөнүп жатканын билдирди.

Баткендеги чек арадагы кырдаал тууралуу акыркы маалыматтарды биздин Telegram каналыбыздан окуңуздар.

514
Белгилер:
Ат-Башы, офицер, өлүм, чек ара, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (253)
Тема боюнча
Чек арага ыктыярчы жиберүүнүн зарылдыгы жок. Президенттик аппараттын билдирүүсү
ИИМ кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин айтты
Жүргүнчүлөр жамгыр учурунда. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

23
15-майга караган түнү температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ишембиде күндүз республика аймагында жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +13…+18 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы борбордо +22…+24, Ош шаарында +25…+27 градусту көрсөтөт.

23
Белгилер:
Кыргызстан, май, аба ырайы
Тема боюнча
Жакында "Супер Ай" толугу менен тутулат. Кубулушту кимдер көрө алат
Медициналык кызматкер лабораторияда

Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктаган реагенттерди берди

28
(жаңыланган 19:40 14.05.2021)
Коронавирустун штаммдарынан сырткары, Кыргызстандын лабораторияларына 50 миң ПЦР-тест тапшырылганы белгиленди.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктоо үчүн реагенттерди алып берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-майда, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен, Германия менен Россиянын эл аралык адистери менен жолуккан.

"Үстүбүздөгү жылдын 10-майында Кыргызстанга германиялык бир нече окуу жайлардын медицина өкүлдөрү келишкен. Адистер Кыргызстандын лабораторияларынын кызматкерлерин штаммдарды аныктоого окутуп жатышат. Эми жардам катары берилген реагенттер Кыргызстандын аймагында коронавирустун штаммдарын аныктоого жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Жабдыктан сырткары, лабораторияга 50 миң ПЦР-тест тапшырылган. Министр Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын элчиси менен эл аралык адистерге Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

28
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өткөн суткада 200 кишиден коронавирус табылып, 6 бейтап көз жумду
ТИМ Түркияга бара турчуларга сактык полисин алууну эскертти. Артыкчылыгы
УКМК имараты. Архив

Жээнбеков генерал наамдарын мыйзамсыз ыйгарганбы? УКМК текшере баштады

0
(жаңыланган 22:35 14.05.2021)
Интернетте экс-президент Сооронбай Жээнбеков генерал наамдарын мыйзамсыз берген деген маалыматтар тарап жатат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы ички иштер министринин орун басарлары менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басарына генерал наамдары ыйгарылган деген маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу атайын органдын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин интернетте экс-президент Сооронбай Жээнбеков иштен кетер алдында өткөн дата менен ошол кездеги ички иштер министринин орун басарлары Мирлан Канимет менен  Алмазбек Орозалиевге жана УКМК төрагасынын биринчи орун басары Талант Салиевге генерал наамдарын тапшырып кеткен деген маалымат тараган.

Орозалиев кызматынан 21-октябрда кол жууса,  Каниметов 3-апрелде кеткен. Ал эми Салиев жумуштан 16-октябрда бошотулган.

Кыргызстанда канча генерал бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.

0
Белгилер:
УКМК, текшерүү, наам, генерал
Тема боюнча
Садыр Жапаров дагы бир жетекчиге генерал наамын берди