Өкмөттүн алдында "Баткенге жардам" штабы түзүлдү. Телефондору

© Фото / Зульфия ТургуноваБаткен облусу. Архив
Баткен облусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам бир нече айылдын тургундары башка жакка эвакуацияланды. Аларга көмөк көрсөтүү үчүн соцтармак өкүлдөрү да гумжардам чогултууда.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Өкмөттүн алдында "Баткенге жардам" штабы түзүлдү. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, штаб Кожомкул атындагы спорт ордосунда жайгашкан.
"Каалоочулар, ишкерлер өздөрү жардам беребиз дешсе же гумжардамды Баткенге жеткирүү үчүн коопсуздук менен камсыз кылгыла десе, штабга кайрыла алышат", — деди Солтонбекова.
Штабдын телефон номерлери: 0558 98 88 88, 0705 15 13 00.

Баткендеги чек ара чыры

Атайын даярдыктагы отрядынын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
УКМК: чек арадагы атышуудан "Бөрү" отрядынын үч жоокери курман болду

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет.
Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Баткендеги чек арадагы кырдаал тууралуу акыркы маалыматтарды биздин Telegram каналыбыздан окуңуздар.
Чек арадагы абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция да жүргүзүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0