Жумабеков чек арада жабыркап Бишкекке которулгандардын абалын айтты

© SputnikБишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун директору Сабырбек Жумабеков
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун директору Сабырбек Жумабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Дарыгер Бишкектин ооруканаларына жаткыруу үчүн Баткенден тик учак менен дагы 20дан ашык бейтап алынып келе жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткенде чек ара чырынан жабыркап Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна которулган 14 бейтаптын абалы туруктуу. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган оорукананын директору Сабырбек Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, ооруканага которулгандардын жетөө аскер кызматкери болсо, алтоо жай тургун.
"Баарына ок тийген. Бирине төрт ирет ок тийип, абалы оор болчу. Кечинде операция жасалып, абалы жакшырып, жандандыруу бөлүмүнөн жөнөкөй палатага жаткырылды", — деди Жумабеков.
Дарыгер Бишкектин ооруканаларына жаткыруу үчүн Баткенден тик учак менен дагы 20дан ашык бейтап алынып келе жатканын кошумчалады.

Баткендеги чек ара чыры

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Министр Алымкадыр Бейшеналиев Баткенге учуп кетти
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет.
Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Баткендеги чек арадагы кырдаал тууралуу акыркы маалыматтарды биздин Telegram каналыбыздан окуңуздар.
Чек арадагы абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция да жүргүзүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0