Уурдалып, андан кийин киши колдуу болгон Айзада Канатбекова. Архив

Айзада Канатбекованын иши иликтенип бүтүп, сотко жиберилди

258
(жаңыланган 18:47 30.04.2021)
Аны уурдоого жана өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаев көз жумгандыгына байланыштуу кылмыш иши токтотулду.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Уурдалып, андан кийин киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын иши иликтенип бүтүп, Биринчи май райондук сотунун кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Улан Жумаков кабарлады.

Ага ылайык, Канатбекованы уурдаган Замирбек Теңизбаевге башында Жазык кодексинин 175-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") менен иш козголуп, кийин 170-беренеге ("Адам уурдоо") өзгөртүлүп, андан соң 130-берене ("Киши өлтүрүү") кошулган.

"Бирок шектүү көз жумганына байланыштуу кылмыш иши токтотулду. Учурда Айзаданы уурдоого шектелип төрт киши камакта. Алардын да соттук иши "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" беренесинен "Адам уурдоо" беренесине кайрадан квалификацияланды", — деди Жумаков.

Айзаданын өлүмү

5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.

258
Белгилер:
сот, кылмыш иши, уурдоо, кыз ала качуу, Айзада Канатбекова, Бишкек
Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (46)
Тема боюнча
Айзада киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган 3 милиционер жазаланды
ИИМ: митингчилерди милиция кызматкерлери кууган эмес
Айыл жергеси. Архив

Жума күнгө карата аба ырайы

48
14-майга караган түнү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын бузулушунан улам сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жума күнү Кыргызстандын бир катар аймактарында күндүн ысыгы 29 градуска жетсе, кээ бир жерлеринде жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +27…+29 градусту көрсөтөт.

48
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Чаткалда алтын казган компания экологиялык зыяны үчүн 103 млн. сомдук доого жыгылды
Автотыгын. Архив

Автоунаалардын аягы көрүнбөйт. Бишкекке тоо тараптан келе жаткандардын видеосу

136
(жаңыланган 21:17 13.05.2021)
Окуянын күбөлөрү бүгүн шаар четине эс алганы чыккандар көп экенин, кайтканда бир нече чакырымга созулган жол тыгын болгонун айтышты.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкекке тоо тараптан эс алып келе жаткандар узун автотыгынды жаратты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирип, видеосун жиберди.

Кадрдан автоунаалар бир топ чакырымга тизилип, айрымдары эки-үч катар болуп токтоп калганын көрүүгө болот. Кишилердин сыртка чыгып алганы да байкалат.

Жол тыгын Ала-Арча жана Аламүдүн капчыгайларындагы жолдо болгон. Кырдаалды Кайгуул милициясынын кызматкерлери жөнгө салган. Жол кырсыгы байкалган эмес.

Видеону тарткан адам бүгүн шаар четине эс алганы чыккандар абдан көп болгонун айтты.

136
Белгилер:
видео, унаа, тыгын, жол, Чоң-Арык айылы, Байтик айылы
Тема боюнча
Бишкектеги автотыгынды азайтуу үчүн асма көпүрөлөр курулат
 Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты

Сокулуктагы дүкөндүн өрттөнгөн видеосу

92
(жаңыланган 22:51 13.05.2021)
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМден эки бөлүм жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын бир штабы тартылды. Ал саат 20:43тө чектөөгө алынды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Дүкөн Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 19:54тө эки бөлүм, ал эми саат 20:14тө өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын штабы тартылган.

Өрт саат 20:43тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүгөн.

Ал эми саат 21:56да толугу менен өчүрүлдү.

92
Белгилер:
видео, дүкөн, өрт, Новопавловка
Тема боюнча
Алайда үй өрттөнүп, 56 жаштагы киши каза болду. Сүрөттөр