Тажикстанда жүргөн кыргызстандыктар кайсы номерге чалып, жардам алса болот

Колл-центр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Баткен облусунун кыргыз-тажик чек ара аймагында башталган жаңжал ооздуктала элек. КР Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөдө жүргөн жарандар үчүн күнү-түнү иштөөчү номерлерди жарыялады.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Учурда Тажикстандын аймагында жүргөн кыргызстандыктар консулдук-укуктук жардам алуу үчүн күнү-түнү иштөөчү номерлерге чалса болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Номерлер:
  • ыкчам байланыш номери — (+992) 887 782 223;
  • Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин консулдук бөлүмү — (+992) 411 00 00 52;
  • ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин ыкчам номери — +996 551 312 000.

Баткендеги чек ара чыры

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 31 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 12 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө.
Бүгүн УКМК төрагасы Камчыкбек Ташиев Тажикстандын атайын кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов менен сүйлөшүп, абал бүгүн кечке чейин жөнгө салынарын айтты.
Учурда аймакта кырдаал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан көрө аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0