Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курман болгон 29 жаштагы офицер Нурсултан Манасбек уулу

Чек арада курман болгон дагы бир спецназдын сөөгү эртең Аксыда жерге берилет

783
(жаңыланган 19:41 30.04.2021)
Капитан Нурсултан Манасбек уулу бир жылдан бери Баткендеги чек ара кызматында атайын даярдыктагы бөлүмдүн командири болуп иштеп жаткан.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курман болгон 29 жаштагы офицер Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү эртең кичи мекени Аксыда жерге берилет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга маркумдун жакыны билдирди.

29-летний офицер Нурсултан Манасбек уулу, погибший в ходе конфликта на кыргызско-таджикской границе в Баткене
© Фото / предоставлено родственниками Нурсултана Манасбека уулу
29-летний офицер Нурсултан Манасбек уулу, погибший на границе

Анын айтымында, офицер Нурсултан Манасбек уулу 1992-жылы Аксы районуна караштуу Авлетим айыл өкмөтүнүн Дейрес айылында туулган. Бишкектеги аскердик окуу жайды бүтүргөн.

"Көп жылдан бери Чек ара кызматында иштесе, Баткенде бир жылдан бери кызмат өтөп, атайын даярдыктагы "Бөрү" тобунда командир эле. Үйлөнө элек болчу", — деди ал.

Капитан Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү эртең, өзү туулуп-өскөн Дейрес айылында жерге берилет.

Президент Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эске салсак, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда УКМКга караган Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" тобунун үч аскери курман болгон. Алардын бири Эсентур Кубанычбек уулунун сөөгү кичи мекени Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына бүгүн жөнөтүлгөн.

Баткендеги чек ара жаңжалы

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирине ок атып чатак ырбаган. Жаңжалдын кесепетинен Кыргызстанда каза болгондордун саны 31ге жетти. Атышуудан 154 киши жабыркаган.

Учурда аймакта кырдаал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан көрө аласыздар.

783
Белгилер:
спецназ, кыргыз-тажик чек арасы, Лейлек району, Баткен облусу, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (246)
Тема боюнча
Ок аткандар жок, жолдорду ачуу сүйлөшүлдү. Баткендеги соңку кырдаал
Чукул кабар! Чек ара чырынан каза болгон кыргызстандыктардын саны 31ге жетти
Чек ара аймагында КР номери тагылган тез жардам унаасы оодарылып жатат. Сүрөт
Кофе даярдоо. Архивдик сүрөт

Ачкарын эмнелерди ичпеш керек. Адистин кеңеши

45
Ашказан, ичеги оорулары менен жапа чекпегендер деле эртең менен ширеден, газдалган суудан, ичимдиктен алыс болушу шарт.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бардык адамдарга бир гана суюктукту ачкарын ичүүгө болот, ал эми калгандарына абайлап мамиле кылуу керек. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, врач-диетолог Михаил Гинзбург Sputnik радиосуна айтып берген. 

Адис ири алдыда адамдын ашказанына көңүл буруу зарылдыгын айтты.

"Ачкарын сууну гана ичсе болот. Эгерде ашказан оорубаса, көк чайды сүт менен, ал тургай сүт кошулган кофени да ичсе зыяны жок. Кефир, айран ашыктык кылбайт", — деген Гинзбург.

Ал кычкыл азык ооруган ашказанга келип түшсө, ансыз да жабыркап турган былжыр челге барып тийип, оорута баштаарын айткан. Эгерде тамактан кийин болсо, кычкыл заттар зыянын ачкарын учурдагыдай тийгизе албастыгын кошумчалаган.

Ашказан, ичеги оорулары менен жапа чекпегендер деле ачкарын ширеден, газдалган суудан, компоттон, таттуу чай, ичимдиктен алыс болушу шарт. Анын айтымына караганда, адам ачка кезинде ичкен тамактар тез сиңет. Эгерде ал таттуу суусундук болсо кандын курамындагы кантты көтөрүп жиберет.

"Азыркы ширелер, ага кошумча өтө таттуулары ашказанды оорутат. Азыр жашылчадан жасалса да ага кант кошуп жүрүшөт. Андыктан шире эгерде ачкарын иче турган болсок биз ойлогондой өтө пайдалуу деле эмес. Эмнеге коңгуроо кагып жатабыз. Себеби ашказанда эч нерсе жок болгондуктан, ал ичегиге дароо эле "жетип барат" да, тез тарайт. Андыктан кант кошулган чай, компоттон эртең менен алыс болгон дурус. Ичимдиктен да күндүн бул маалында баш тарткан жакшы. Себеби мындай учурда тез сиңет да кандагы кант дароо көтөрүлүп, зат алмашуу бузулат", — деген доктор.

Адистер буга чейин эртең менен өтө кылдат болууну, тамак-аш эле эмес, башка нерселерде да абайлаш керектигин айтышкан. Адам ойгонору менен ыкчам дене тарбия көнүгүүлөрүн жасабашы керек. Мындайда дене кургап, ткандар жакшы чоюлбай калат. Адис спорт менен туура эмес машыкканда омуртканы кокустатып алуу толук ыктымал экенин эскерткен.

45
Белгилер:
диетолог, ашказан, тамак-аш, көнүгүү, ден соолук
Тема боюнча
Немец диетологдору ачкарын жегенге болбой турган азыктарды атады
Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтына Жеңиштин 76 жылдыгына карата илинген баннер

Мэрия Жеңиштин 76 жылдыгына карата илинген чуулуу баннерди алмаштырды

161
(жаңыланган 23:11 10.05.2021)
Кайрадан илинген баннерде мурдагы фашисттин сүрөтүн мэрия эми Бурятиядан чыккан снайперге алмаштырган.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтына Жеңиштин 76 жылдыгына карата илинген баннерге согуш жылдарындагы фашисттик Германиянын аскеринин сүрөтү илинип, бул социалдык тармакта чоң талкууну жаратты. Мэрия аны алып, кайрадан жаңысын илүүгө аргасыз болду.

Артиллеристы готовятся к боям на Орловской и Курской дугах. Орловско-Курская дуга. Июль 1943 год. Репродукция
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
Элдин нааразылыгын жараткан “Илбирс” имаратынын бетиндеги майрамдык бир нече баннердин биринде фашисттик Германиянын аскеринин жана туткунга түшкөн азия тектүү жоокердин сүрөтү бадырайып турган.

Мэриянын маалымат кызматы мурдагы билдирүүсүндө мындай катага ким күнөөлүү экенин издеп жаткандыгын, ал өз жазасын аларын билдирген.

Жаңы илинген баннердеги мурдагы фашисттин сүрөтүн мэрия эми Бурятиядан чыккан Радна Аюшеев аттуу снайперге алмаштырган. Анын ким экендигин социалдык тармактын колдонуучулары өздөрүнүн постторуна жазышкан.

Чуулуу баннер туурасында мэрия Facebook тармагындагы баракчасына төмөнкүчө билдирүү калтырды.

“Ала-Тоо” аянтындагы баннер боюнча бүгүн социалдык тармакка баннерлердин бирине нааразы болгон пикирлер чыккан. Анда жалпы жасалгада биздин ата-бабалардын Жеңишке алып келген оор жана трагедиялуу жолун кийинки муундарга айтып берүү идеясы камтылган. А биздин милдет бул улуу эрдикти, Мекенди коргоодо жоокерлердин тарткан кыйынчылыктары менен жоготуулар болгондугун эсибизге сактоо эмеспи. Алардын каармандыгын, күчтүү патриоттуулугун жана майтарылбас эркин тарых катары карап, урмат менен мамиле кылабыз. Биз тарыхыбызды эстейбиз жана аны менен сыймыктанабыз”, — деп жазылган анда.

Ал эми кеп болуп жаткан Радна Будаевич Аюшеев (1922—1944) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Түндүк флоттун аскерлеринин снайпери экени айтылат. Аюшев Бурят Республикасынан болгон. Анын 1944-жылдын октябрь айындагы салгылаштагы эсебинде 25 душман болгон. Маалыматтарда снайпердин 1944-жылы дайынсыз жок болгондугу айтылат.

161
Белгилер:
жоокер, баннер, Жеңиш күнү, Бишкек
Тема боюнча
Кинотеатрларга маңдайындагы жарнамалык баннерлерди алуу талабы коюлду
Кагаздагы ноталар. Архив

Кыргызпатент сый акысын албай калган авторлорду издөөдө. Тизме

0
Автордук сый акыларды бөлүштүрүүгө жана төлөөгө байланыштуу маселелер боюнча 0(312) 68-00-86, 0(550) 778-450, 0(550) 778-590 номерлерине чалса болот.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызпатент чыгармалары телерадиокомпаниялардын эфирлеринде жаңырган, бирок сый акысын албай калган автор, аткаруучуларды издеп жатканын маалымдады.

Мекеме изделип жаткан авторлордун тизмесин жарыялап, андан өзүн тапкандарга сөзсүз кайрылууну өтүнгөн. Автор, аткаруучулар өзүн бул шилтемеге кирип тапса болот.

Автордук сый акыны алуу үчүн талап кылынган документтер:

  • Чыгармаларды каттап, укуктарды башкаруу укугун берүү тууралуу келишим түзүү керек;
  • Автордун же аткаруучунун каттоо барагын толтуруу зарыл;
  • Паспорттун көчүрмөсү;
  • Банктан эсеп ачып, анын дарегин Кыргызпатенттин кызматкерлерине тапшыруу шарт.

Автордук сый акыларды бөлүштүрүүгө жана төлөөгө байланыштуу маселелер боюнча 0(312) 68-00-86, 0(550) 778-450, 0(550) 778-590 номерлерине чалса болот.

0
Белгилер:
аткаруучу, автордук укук, сый акы, Кыргызпатент
Тема боюнча
Кудайбердиева: былтыр Кыргызпатент 8 млн. сомдон ашык акча чогултту