Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагындагы Ак-Сай айылы

Баткенде абал турукташууда, Төрт-Көчө жолу ачылды. Соңку маалымат

246
(жаңыланган 21:05 30.04.2021)
Баткенде абал турукташып жатканы, бирок чыңалуу бар экени белгиленди. Буга чейин Тажикстандын аскерлери чыр чыккан аймактан чыгып кеткени айтылган.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош — Баткен — Исфана автожолунун Төрт-Көчө жолу ачылып, каттам калыбына келди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Ага ылайык, Баткенде абал турукташып жатканы, бирок чыңалуу бар экени белгиленди. Ок атуулар токтогон.

Облус башчысы Өмүрбек Суваналиев согдилик кесиптеши Раджоббой Ахмадзода менен кырдаалды турукташтыруу үчүн комиссия түзүшкөн.

"Анын натыйжасында Төрт-Көчө жолу ачылды. Ошондой эле коңшу өлкө Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жайгашкан "Кызыл-Бел" чек ара өткөрүү жайы менен Тажикстандын "Гулистон" бекетинин аймагындагы куралдуу күчтөрүн алып чыгып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин өкмөттүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев да Тажикстандын аскерлери Баткен облусунун аймагынан чыгып кеткенин билдирген.

"Коңшу өлкөнүн аскерлери ок атышууну токтотуу келишиминен кийин кете башташкан. Акыркы аскерлери өрттөлүп кеткен эки айылда болчу, алар да кетишти азыр", — деген Суваналиев.

Анын айтымында, кыргызстандык аскерлер мина коюлушу мүмкүн болгон аймактарды текшерип жатышат. Ошондой эле жер-жерлерге блокпосттор коюлуп, көзөмөл күчөтүлгөн.

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирине ок атып чатак ырбаган. Жаңжалдын кесепетинен Кыргызстанда каза болгондордун саны 31ге жетти. Атышуудан 154 киши жабыркаган.

246
Белгилер:
абал, чек ара, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (218)
Тема боюнча
Футболдук союз чек арада көз жумган футзалчы Султанбектин жакындарына көңүл айтты
Суваналиев: тажик аскерлери Баткендин жаңжал болгон аймагынан чыгып кетти
Чек арада курман болгон дагы бир спецназдын сөөгү эртең Аксыда жерге берилет
Головной суу бөлүштүрүүсү

Жапаров “Головной” суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоо тапшырмасын берди

158
(жаңыланган 22:59 06.05.2021)
Садыр Жапаров Баткен облусуна барып, чек арадагы жаңжалда жабыркаган эл менен жолукту. Ошондой эле зыянга учураган объектилерди көрдү.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Головной" суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоону тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

  • Президент КР Садыр Жапаров во время выступления на военном полигоне Бужум в Баткенской области. 06 мая 2021 года
    Президент Садыр Жапаров "Головной" суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоону тапшырды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Военный полигон Бужум в Баткенской области во время визита президента КР. 06 мая 2021 года
    Баткен облусуна болгон сапарында президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, “Бужум” аскердик полигону менен Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Суу дарыясында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайга барды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Садыр Жапаров "Головной" суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоону тапшырды

Баткен облусуна болгон сапарында президент Садыр Жапаров “Бужум” аскердик полигону менен Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Суу дарыясында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайга барды.

“Мамлекет башчы суу бөлүштүрүүчү жайды жана объектти кайтарган аскердик бөлүк турган аймакты көрүп чыгып, тийиштүү мамлекеттик органдарга суу бөлүштүрүүчү жайды модернизациялоону тапшырды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Жапаров “Бужум” полигонундагы аскер кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, мамлекет Куралдуу Күчтөрдүн алдындагы социалдык милдеттенмелеринин бардыгын аткара турганын жана күч түзүмдөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

158
Белгилер:
модернизациялоо, Садыр Жапаров, "Головной" суу бөлүштүрүүчү, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (218)
Тема боюнча
Чек арадагы жаңжалдын кесепети. Баткендин жүрөктү тилген сүрөттөрү
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Россия коронавируска каршы дагы бир вакцинаны каттоодон өткөрдү

51
(жаңыланган 23:00 06.05.2021)
Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетери айтылды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасын каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет. Бул учурда текшерилгендердин 96.6 пайызында IgG антителосу, 91,67 пайызында вирусту алсыздандыра турган антитело пайда болорун аныкталды. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экени белгилүү болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда анын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы өтүп, ага Россия, БАЭ, Гана сыяктуу мамлекеттерден 7 миң киши катышып жатат. Жыйынтыгы ушул айда белгилүү болот.

"Спутник Лайт" Гамалея борбору менен Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) биргеликте иштеп чыккан "Спутник" вакцина топтомуна кирет.

Буга чейин Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург "Спутник Лайт" аталган мамлекеттерде оорунун мизин кайтарып, жергиликтүү саламаттык сактоо тармагына сезилерлик колдоо болорун белгилеген.

51
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Майдын ортосунда "Спутник V" вакцинасынын дагы бир партиясы келери күтүлүүдө
Рио-де-Жанейро шаарында метродо атышуу

Бразилияда метродо атышуу болуп, 25 киши көз жумду. Видео

0
(жаңыланган 00:31 07.05.2021)
Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында метродо полиция менен баңгизат сатуучулардын арасында атышуу болуп, 25 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, шаар полициясы баңгизат сатуучуларды кармоо үчүн атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 24 шектүү жана полициянын бир офицери каза болгону айтылат. Алардан тышкары төрт адам жаракат алган. Экөө жай тургун экени кошумчаланды.

0
Белгилер:
өлүм, видео, атышуу, полиция, Бразилия
Тема боюнча
Баткендеги үйдөн Ми-24 тик учагынан атылган авиаракета табылды. Видео