Чек ара кызматы: түндө Баткенде ок атуу болгон жок

© Sputnik / Эламан КарымшаковКыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги аскер кызматкерлер
Кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги аскер кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Баткен облусунун Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташканы белгиленди.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, түндө ок атышуу катталган жок. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, Баткен облусунун Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташкан.
Ош — Исфана жолунун Жака-Өрүк аймагындагы бөлүгү жана Төрт-Көчө жолу да таштан тазаланып, ачылганы айтылды.
Чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек араны кайтарууну улантууда. 

Баткендеги чек ара чыры

Колу таңылган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы: эки кыргызстандык туткунда деген маалымат жалган

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, Кыргызстанда каза болгондордун саны 31ге жетти. Атышуудан 154 киши жабыркаган.

Буга чейин эки мамлекеттин президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан. 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0