Акча санап жаткан кыз. Архив

Чогулткан акчаны накталай сактоонун оң жана терс жактары

130
(жаңыланган 10:47 01.05.2021)
Улуттук банктан акчанын кандай суммада болбосун үйдө сактоонун кемчиликтерин тизмектеп санап берди.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Чогулткан акчаны накталай сактоонун пайдасы менен кемчиликтерин Улуттук банктан айтып беришти.

Адистер муну жакшы ыкма деп эсептешерин билдиришти.

"Жакшы жагы катары акча дайыма чөнтөктө болгондуктан шашылыш керек болуп калганда зарылбай ала коёсуз", — деп айтышты Sputnik Кыргызстанга аталган банктан.

Ал эми кемчилик жактары төмөнкүдөй экен:

  • Ар кыл жаратылыш кырсыктары, маселен суу каптап, өрт чыгып же дагы башкалары болсо акчадан айрылып калуу тобокелдиги бар;
  • инфляция болсо акчанын баасынын түшүшүнө алып келет;
  • нак кармап турган акчадан эч кандай киреше табууга мүмкүн эмес;
  • накталай төлөгөндө накталай эмес төлөм сыяктуу сатуудан түшкөн салыктын нөлдүк коюму колдонулбайт, мында 2 пайыздык кошумча жеңилдик жок болуп калат;
  • колдо турган акча байкалбай эле четинен жок боло берет, тагыраагы, керектүү же керексизин тереңирээк ойлобой ар кайсы буюмдарды сатып алган учурлар көп кездешет.
130
Белгилер:
кеңеш, акча, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Акчаны кайда салып кантип көбөйтсө болот. Кыргызстандагы шарттар
Аткаминер. Архив

Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасынын" башкы директору болуп дайындалды

21
(жаңыланган 22:54 18.05.2021)
Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директору болуп дайындалганын аталган мекемеден билдиришти.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон.

Бүгүн, 18-майда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев Шерботоевди ишкананын жамаатына тааныштырды.

Министр жаңы директорго ийгилик каалап, почтанын ишине олуттуу колдоо көрсөтөрүнө ишене турганын айтты. Ал эми Шерботоев артылган ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.

"Учурда байланыш жана коммуникация тармагынын санариптик трансформациялоо багытында динамикалык өзгөрүүлөр болуп жатат. Биргелешкен аракеттер менен почта ишин өркүндөтөбүз", — деди ал.

Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

21
Белгилер:
Эсен Шерботоев, жетекчи, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы
Тема боюнча
"Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусу жамаатка тааныштырылды. Сүрөт
"Кыргыз почтасы" элди алдамчылардан сак болууга чакырды
Автоунаа кум борошосун учурунда. Архив

Жүрөк үшүн алат! Чаңдуу бороон Казакстандын райондорун каптаган видео

100
(жаңыланган 22:18 18.05.2021)
Метеорологдор мындай жаратылыш кубулушу региондо көп убакыт жаан жаабай кургак болуп, температура кескин өзгөрүп кеткенде башталарын айткан.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Түндүк Казакстан облусунун бир катар райондорунда бүгүн чаңдуу бороон болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Социалдык тармактын колдонуучулары муну "Күн тутулуп жаткандай" деп сүрөттөп, айланада эч нерсе көрүнбөй калганын жазышкан.

Агенттикке Казгидрометтин облустук филиалы чаңдуу бороон аймакта көп убакыт жаан жаабай кургак болуп, температура кескин өзгөрүп кеткенде башталарын айткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Петропавловск Казахстан СКО (@sko_kz)

Ошондой эле метеорологдор Тайынша районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 33 метрге чейин жеткенин айтышкан. Жакынкы метеорологиялык станциялар дагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрден ашканын каттаган.

100
Белгилер:
видео, аба ырайы, чаң, бороон, Казакстан
Тема боюнча
Индонезиядагы катуу торнадо шаарды жабыркатты. Алай-дүлөйдүн видеосу