Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы Кыргызстандын желеги

Бейкүнөө соолуган өмүрлөр. Чек ара чырында көз жумгандардын элесине арналган видео

444
(жаңыланган 12:04 01.05.2021)
Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан 31 кыргызстандык көз жумду. Алардын арасында 12 жаштагы Мадина Рахматжанова дагы бар.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Шейит кеткендердин ичинен бийлик азырынча 11 кишинин аты-жөнүн айтты. Алар:

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik_kyrgyzstan)

  • Сагын Каратаев, Көк-Таш айылынын тургуну 44 жашта;
  • Сүйүн Тагаев, Баткендин тургуну. 52 жашында көз жумду;
  • Алтынбек Каработоев, Кадамжайдын тургуну. Май айында 39 жашка чыкмак;
  • Баяман Абдрахманов, Баткендин тургуну. 23 жашында каза болду;
  • Рашид Үсөн уулу, Баткендин тургуну. 48 жашында көз жумду;
  • Жамшит Ганиев, 31 жашында каза тапты;
  • Мадина Рахматжанова, 12 гана жашта болчу;
  • Махаматрасул Сайдаров, 36 жашында каза болду.

Мындан сырткары, кыргыз аскерлери да мерт кеткен. Алар:

  • Нурсултан Манасбек уулу, 28 жашта, капитан;
  • Бекзат Юлдашев, 29 жашта, прапорщик;
  • Эсентур Кубанычбеков, 28 жашта, капитан.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы чек ара жаңжалынан бейкүнөө каза болгондордун жакындарына көңүл айтат.

Баткендеги чек ара чыры

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, Кыргызстанда каза болгондордун саны 31ге жетти. Атышуудан 154 киши жабыркаган.

Буга чейин эки мамлекеттин президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан. 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

444
Белгилер:
өлүм, Жаңжал, чек ара, видео, тизме, Каза болгондор, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (252)
Тема боюнча
Ок жааган үйлөр, баласын кучактап муңайган энелер. Баткендеги абалдын видеосу
Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы: эки кыргызстандык туткунда деген маалымат жалган
Айыл жергеси. Архив

Жума күнгө карата аба ырайы

47
14-майга караган түнү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын бузулушунан улам сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жума күнү Кыргызстандын бир катар аймактарында күндүн ысыгы 29 градуска жетсе, кээ бир жерлеринде жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +27…+29 градусту көрсөтөт.

47
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Чаткалда алтын казган компания экологиялык зыяны үчүн 103 млн. сомдук доого жыгылды
Автотыгын. Архив

Автоунаалардын аягы көрүнбөйт. Бишкекке тоо тараптан келе жаткандардын видеосу

133
(жаңыланган 21:17 13.05.2021)
Окуянын күбөлөрү бүгүн шаар четине эс алганы чыккандар көп экенин, кайтканда бир нече чакырымга созулган жол тыгын болгонун айтышты.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкекке тоо тараптан эс алып келе жаткандар узун автотыгынды жаратты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирип, видеосун жиберди.

Кадрдан автоунаалар бир топ чакырымга тизилип, айрымдары эки-үч катар болуп токтоп калганын көрүүгө болот. Кишилердин сыртка чыгып алганы да байкалат.

Жол тыгын Ала-Арча жана Аламүдүн капчыгайларындагы жолдо болгон. Кырдаалды Кайгуул милициясынын кызматкерлери жөнгө салган. Жол кырсыгы байкалган эмес.

Видеону тарткан адам бүгүн шаар четине эс алганы чыккандар абдан көп болгонун айтты.

133
Белгилер:
видео, унаа, тыгын, жол, Чоң-Арык айылы, Байтик айылы
Тема боюнча
Бишкектеги автотыгынды азайтуу үчүн асма көпүрөлөр курулат
 Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты

Сокулуктагы дүкөндүн өрттөнгөн видеосу

89
(жаңыланган 22:51 13.05.2021)
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМден эки бөлүм жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын бир штабы тартылды. Ал саат 20:43тө чектөөгө алынды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Дүкөн Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 19:54тө эки бөлүм, ал эми саат 20:14тө өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын штабы тартылган.

Өрт саат 20:43тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүгөн.

Ал эми саат 21:56да толугу менен өчүрүлдү.

89
Белгилер:
видео, дүкөн, өрт, Новопавловка
Тема боюнча
Алайда үй өрттөнүп, 56 жаштагы киши каза болду. Сүрөттөр