Бүгүн 1-майда саат 20:00дө Кыргызстандын Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Тажикстанда барымтада турган 10 кыргызстандык бошотулду.
Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен тажик жарандары тарабынан Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун барымтага алынган болчу.
Алар азыркы учурда Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүп жатышат.
Маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы таратты
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусунда кандай чечимдер кабыл алынганын маалымдады.
Жолугушуу 1-майда "Кызыл-Бел"(КР) —"Гулистон" (TР) көзөмөл өткөрүү жайларында болгон.
Кабыл алынган чечимдер:
- КР убактысы боюнча саат 15:00дөн тартып (Тажикстан убактысы боюнча саат 14:00дөн тарта) аскерлерге кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык тилкелеринде ок атышпоо тартиби жөнүндө маалымдап, аскерлерди туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүүнү баштоо;
- Аскерлердин (курал-жарак жана аскердик техниканын) туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүүсүн көзөмөлдөө үчүн эки тараптан үч кишиден турган жумушчу топту түзүү;
- Келип түшкөн маалыматтарды жалган, чынын (дезинформация) текшерүү үчүн эки тараптан үч кишиден турган текшерүү тобун түзүү, эгер ал тастыкталса, курал-жарактарды, аскердик техникаларды алып кетүүнү уюштуруу жана тараптарды туруктуу жайгаштыруу жайларына чейин узатуу.
Биргелешкен жумушчу топтун иши 2021-жылдын 2-майынан баштап Кыргызстандын убактысы боюнча 08:00дө (Tажикстан убактысы боюнча - 07:00дө) башталат.
Ок атышуу болгондо Башкы суу сактагыч курулушун майор Ибрагим Акматов башында турган ИИМдин ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн "Шер" атайын багыттагы отрядынын өздүк курамы кайтарып турган. Алар жарадар болгондорго биринчи медициналык жардам көрсөтүп, буга кошумча ок атып жооп кайтарышкан.
Саат 18:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза тапкандардын саны 34гө өсүп, жалпы 173 киши жабыркаганы айтылды.
Жабыркаган жети адам медициналык жардамга кайрылып, анын экөө биринчи жардамды алган соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Ал эми калган бешөө ар кандай жараат менен ооруканаларга жаткырылган.
"Ош облусунун Кара-Суу районунун 24 жаштагы тургуну Азазбек Бактияров каза тапкан. Жабыркаган 173 кишинин 31и аскер адамдары болсо, бирөө медицина кызматкери, 131и жай тургун ", — деп жазылат Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматында.
Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек арадагы абал боюнча өкмөт аралык комиссиянын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Алар Баткенде журналисттерге билдирүү жасашты.
Тажикстандын Улуттук УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов Чек ара райондорундагы трагедия эч качан кайталанбашы керек деген пикирин айтты.
"Бүгүн жемиштүү сүйлөшүү болду. Чек ара райондорундагы трагедия эч качан кайталанбашы керек. Себеби, биздин элдер бул тилкеде жашайт жана өтө ынтымактуу. Биз, саясатчылар элибиздин тынчтыкта жашашына мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Кыргыз-тажик жерлерине тынчтык орнотуу боюнча макулдашуу болду. Өз ара түшүнүүчүлүк жана тынчтык болот деп ишенем", — Ятимов.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев эки өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн 4-пунктудан турган протокол кабыл алынганын айтты.
"Биз эки өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн 4-пунктудан турган протокол кабыл алдык. Элибиз башынан кыйын күндү кечирип жатат. Эки өлкө үчүн тең трагедия болду. Бардык атышууларды толук токтотуп, аскердик күчтөрдү туруктуу ордуна жайгаштыруу боюнча боюнча чечим кабыл алдык. Бүгүнкү күндөн тарта биздин коңшулардын жана биздин аракетибиз менен өлкөлөрүбүздө, өзгөчө чек ара жакын аймактарда тынчтык жана бейкуттук орнойт", — деди Ташиев.
Россия согуш отун өчүрүү боюнча жетишилген макулдашууну кубаттайт жана Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы абалды жөнгө салуу үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде айтты.
"Биз Бишкек менен Душанбенин биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча чечимин колдойбуз. Анын милдетине элге маалымат берүү, бул аймактагы абалга мониторинг жүргүзүү кирет. Россия кандай гана талаш маселелер болбосун саясий-дипломатиялык ыкмалар менен көмөктөшүүгө даяр", — деген Захарова.
Ал Кыргызстан менен Тажикстан бийлигинин Россиядагы диаспораларды чагымчылдыкка алдырбоого жасаган чакырыгын оң баалай тургандыгын билдирди.
"Бул жогорку деңгээлдеги тажрыйба топтоп калгандан кийинки мамиле. Азыркы бийлик абалдын кыйындыгын, саясатты түшүнүп элди эмоцияга жана чагымчылдыкка берилип кетпөөгө чакырып жатат", — деген ал.
"Бүгүн социалдык тармактарга "Лейлек районуна гуманитардык жардам алып бара жаткан 18 жаранды тажик тарап атып кетти" деген туура эмес маалымат таркап жатат. Бул айтылгандарды тактаганыбызда жалган болуп чыкты. Баткен, Лейлек РИИБдө мындай факты катталган эмес. Урматтуу жарандар социалдык тармактарда жарыяланып жаткан ар бир маалымат далилдүү фактыларга негизделиши керек. Туура эмес, такталбаган маалыматтарды таркатуудан алыс болуңуздар", — деп билдиришти Баткен облустук милициясынан.
Үч аскер тең Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" тобунда кызмат өтөшкөн.
Алардын бири 29 жашта Эсентур Кубанычбеков Нарын районундагы Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы аскерлеринин жетекчисинин орун басары болчу. Эсентур Нарындан Баткен облусуна эки апта мурда кызмат өтөөгө кеткен. Анын сөөгү кичи мекени Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына жерге берилди.
Экинчи аскер 28 жаштагы Нурсултан Манасбек уулу көп жылдан бери Чек ара кызматында иштеп, Баткенде бир жылдан бери кызмат өтөп, атайын даярдыктагы "Бөрү" тобунда командир болчу. Анын сөөгү да бүгүн, 1-майда Аксы районуна караштуу Авлетим айыл өкмөтүнүн Дейрес айылында жерге берилди.
Үчүнчү аскер 29 жаштагы прапорщик Бекзат Юлдашев үй-бүлөлүү, үч баланын атасы болчу. Анын сөөгү Баткендин Исфана шаарына коюлганы маалым болду.
Кыргызстандын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектерин өкмөт билдирди.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн кырдаалды жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чатакты жөнгө салуу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулайт, — деп билдирди.
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал 2021-жылдын 1-майына карата 15:00гө карата чыңалган абалда турат. Аскердик күчтөрдү чек ара тилкесинен алып кетүү боюнча эки тараптуу макулдашууну бузуп, чектешкен (Тажикстан) тарап жоокерлерин, аскердик техникаларын Кыргызстан менен чектешкен аймакка алып келе баштады.
Баткен районундагы Көк-Таш айылында тажик тарап өтүп жаткан автоунааларды маал-маалы менен аткылап жатат. Бул маалыматты Чек ара кызматы билдирди.
Митингдегилер Баткендеги абал ушул боюнча турса анда аталган аймакка бара тургандыктарын айтып, бийликтен чек арадагы абалды стабилдештирүү маселесин эртерээк чечүүнү талап кылышууда.
Учурда биздин кабарчылар да Баткендин борборунан Лейлек районуна кире албай жатат. Бирок жергиликтүү элдин абалын билүү максатында Арка айылынын тургуну Гүлайым Добутова менен телефон аркылуу байланышты.
Тажик жарандары тарабынан барымтага алынган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев Тажикстандын аймагында экендиги аныкталды жана ал барымтадан бошотула элек. Бул тууралуу маалыматты Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова тастыктады.
Анын айтымында, учурда Ички иштер министрлиги Тажикстандын күч структуралары менен Мырзабек Жумабаевди барымтадан бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" тобунун аскерлери (3 адам):
1. Кубанычбеков Эсентур, 29 жашта, капитан;
2. Бекзат Юлдашев, 29 жашта, прапорщик;
3. Нурсултан Манасбек уулу, 28 жашта, капитан.
Каза болгон жергиликтүү тургундар (28 адам):
1. Махаматрасул Сайдаров, 36 жашта. Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну;
2. Мадина Рахматжанова, 12 жашта. Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну;
3. Баяман Абдрахманов, 23 жашта. Баткен шаарынын тургуну;
4. Сагын Каратаев, 44 жашта. Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну;
5. Сүйүн Тагаев, 52 жашта. Баткен шаарынын тургуну;
6. Алтынбек Каработоев, 39 жашта. Кадамжай районунун Кадамжай шаарчасынын тургуну;
7. Рашид Үсөн уулу, 48 жашта. Баткен шаарынын тургуну;
8. Жамшит Ганиев, 31 жашта. Баткен районунун Чет-Булак айылынын тургуну;
9. Нурумбаев Дастан, 37 жашта. Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну;
10. Мидин Махамадали уулу, 30 жашта. Баткен районунун Бужум айылынын тургуну;
11. Уланбек Мусаев, 30 жашта. Баткен шаарынын тургуну;
12. Чыңгыз Темирбаев, 26 жашта. Баткен районунун Бужум айылынын тургуну;
13. Салим Бахтияров, 58 жашта. Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну;
14. Тынчтыкбек Эргешалы уулу, 30 жашта, Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну;
15. Турдубай Саттаров, 33 жашта, Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну;
16. Медербек Камчиев, 26 жашта. Баткен районунун Кызыл-Жол айылынын тургуну;
17. Жаркыбек Аманов, 33 жашта. Баткен районунун Бужум айылынын тургуну;
18. Мырзабек Абдрахманов, 30 жашта. Баткен районунун Бужум айылынын тургуну;
19. Султанбек Абдувахап уулу, 19 жашта. Баткен районунун Кызыл-Жол айылынын тургуну;
20. Өмүрбек Бахридин уулу, 18 жашта. Баткен районунун Кызыл-Жол айылынын тургуну;
21. Мовланбек Тажибаев, 31 жашта. Жаңы-Жер айылынын тургуну;
22. Алижан Тагайбаев, 31 жашта. Баткен шаарынын тургуну;
23. Доолатбек Жигиталы уулу. 23 жашта. Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну;
24. Тойчубек Исманов, 63 жашта. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айылынын тургуну;
25. Шухратбек Зикиров, 32 жашта. Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургуну;
26. Шумкарбек Арыпбай уулу. Маалыматтар такталып жатат;
27. Анамидин Асанов, 49 жашта. Маалыматтар такталып жатат.
28. Каза болгон дагы бир жарандын атын-жөнү такталып жатат...
Акыркы маалыматтарда 2 адамдын каза болгону айтылды. Бирок алардын аты-жөнү, ким экени тактала элек.
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалда жаракат алып Бишкекте дарыланып жаткандарга президент Садыр Жапаров барып, сүйлөшүп, ал абалын сурады.
"Жакында эле каза болгон эки адамды жана жарадар болгон эки кишин алып келишти. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгондордун саны 33гө жетти", — деп билдирди Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Чек ара кызматы саат 12.45ге карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал чыңалып турганын маалымдады.
"Баткен облусунун Лейлек районунун Арка жерлигинде тажик аскер кызматчылары кыргызстандыктардын турак-жайларына карата ок чыгарып жатышат. Айылдын тургундары буга чейин эвакуацияланган. Чек ара кызматынын чек ара тарамдары коргонуу позицияларын ээлешти", - деп билдиришти.
Премьер-министр Улукбек Марипов Ош шаарында, андан соң Бишкекте кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча жыйын өткөрдү.
Ага мамлекеттик органдын өкүлдөрү катышкан. Өкмөт башчы биринчи кезекте жергиликтүү тургундарга кам көрүп, аларды азык-түлүк, дары-дармек менен камсыз кылууну, азык-түлүктү үзгүлтүккө учуратпай жеткирүү тапшырмасын берген.
Эске салсак, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан күндөрү Марипов Кыргызстанда жок эле.
Sputnik Кыргызстандын Баткенде иштеп жүргөн журналисттер тобу Төрт-Көчө жабылгандыктан ал жерден ары өтө албагандыктарын кабарлашты.
Бийлик шейит кеткендердин ичинен азырынча 11 кишинин аты-жөнүн гана айтты.
Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош — Баткен — Исфана автожолунун Төрт-Көчө жолун тажик тарап толугу менен жапты деп маалымдады.
"Саат 11:30га карата маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып турат", - деп айтылат маалыматта.