Кыргызстанда 477 адам коронавирус жуктуруп, 8 бейтап көз жумду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкери. Архив
Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Азыркы тапта стационарда 1 497 бейтап дарыланууда, анын ичинен 362 адамдын абалы оор болсо, 72 бейтаптыкы өтө оор. Бир суткада сегиз медиктен коронавирус табылган.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 477 кишиден коронавирус табылып, 270 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.
Жуктургандар:
Бишкек – 255;
Ош – 8;
Чүй облусу – 155;
Ош облусу – 3;
Талас облусу – 5;
Нарын облусу – 9;
Ысык-Көл облусу – 28;
Жалал-Абад облусу – 14.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны 95 752ке жетти.
Айыккандар:
Бишкек – 178;
Ош шаары – 6;
Чүй облусу – 61;
Ош облусу – 8;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 1.
Оору илештиргендердин ичинен 89 461 киши дартты жеңген.
Тилекке каршы, бир сутка ичинде Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан сегиз бейтап коронавирустан каза тапкан.
Алар:
Бишкек – 5;
Чүй облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 1.
Азыркы тапта стационарда 1 497 бейтап дарыланууда, анын ичинен 362 адамдын абалы оор болсо, 72 бейтаптыкы өтө оор.
Бир суткада сегиз медиктен коронавирус табылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0