Тажикстандыктар барымтага алган 10 кыргызстандык кайтарылды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековАскер кызматкерлери. Архив
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бүгүн эки өлкөнүн облус жетекчилери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында барымтадагы кыргыз жарандары коё берилген.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Тажикстандыктар барымтага алган 10 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Кыргызстан менен Тажикстан аскер күчтөрү боюнча маалыматты текшерген топ түзөт
Бүгүн, 1-майда, саат 20:00дө Баткендин жетекчиси Өмүрбек Суваналиев менен Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын натыйжасында барымтадагы кыргызстандыктар кайтарылган.
Эске салсак, Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок аткан. Атышуудан Кыргызстанда каза болгондордун саны 34кө жетип, 173 киши жабыркаган.
Бул трагедиядан улам 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0