Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусуна келишти.

Жогорку Кеңештин депутаттары Баткенге келишти. Сүрөт

554
(жаңыланган 14:38 02.05.2021)
Депутаттар чек ара чырында жабыркагандар менен бир катар жолугушууларды өткөрөрү айтылды. Эл өкүлдөрү облуска гуманитардык жардам да алып келишкен.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусуна келишти. Бул тууралуу ЖКнын сайтында жазылды.

  • Группа депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики во главе с Торага Талантом Мамытовым прибыла в Баткенскую область.
    Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусуна келишти.
    © Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
  • Группа депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики во главе с Торага Талантом Мамытовым прибыла в Баткенскую область.
    Ага ылайык, депутаттар өкмөттүн өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүштү. Андан соң чек ара чыр-чатагында жабыркаган жергиликтүү тургундар менен да жолугушмакчы.
    © Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
1 / 2
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусуна келишти.

Ага ылайык, депутаттар өкмөттүн өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүштү. Андан соң чек ара чыр-чатагында жабыркаган жергиликтүү тургундар менен да жолугушмакчы.

"Эл өкүлдөрү гуманитардык жардам да алып келишти. Парламенттин атынан жарандарга дары-дармек, азык-түлүк жана башка зарыл товарлар берилет", — деп айтылат маалыматта.

Тажикстан барымтадан бошоткон кыргыз жарандары
© Фото / пресс-служба УВД Баткенской области
Эске салсак, 28-апрель күнү кечинде Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эки-үч күнгө созулуп кетти. Эки тарап бири-бирин көздөй ок аткан. Андан Кыргызстанда каза болгондордун саны 34кө жетип, 178 киши жабыркаган.

Бул трагедиядан улам 1-2-май — Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү органдарынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында кечээ чыр басаңдап, абал турукташып келе жатат.

554
Белгилер:
жардам, Жаңжал, чек ара, депутат, Талант Мамытов, Жогорку Кеңеш, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (253)
Тема боюнча
Баткендеги үйдөн Ми-24 тик учагынан атылган авиаракета табылды. Видео
Тажикстан барымтадан бошоткондордун бешөө ооруканага жаткырылды
Бирөөнүн абалы өтө оор. Чек ара чырынан жабыркагандардын абалы айтылды
Жүргүнчүлөр жамгыр учурунда. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

23
15-майга караган түнү температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ишембиде күндүз республика аймагында жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +13…+18 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы борбордо +22…+24, Ош шаарында +25…+27 градусту көрсөтөт.

23
Белгилер:
Кыргызстан, май, аба ырайы
Тема боюнча
Жакында "Супер Ай" толугу менен тутулат. Кубулушту кимдер көрө алат
Медициналык кызматкер лабораторияда

Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктаган реагенттерди берди

28
(жаңыланган 19:40 14.05.2021)
Коронавирустун штаммдарынан сырткары, Кыргызстандын лабораторияларына 50 миң ПЦР-тест тапшырылганы белгиленди.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Германия коронавирустун Кыргызстандагы штаммдарын аныктоо үчүн реагенттерди алып берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-майда, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен, Германия менен Россиянын эл аралык адистери менен жолуккан.

"Үстүбүздөгү жылдын 10-майында Кыргызстанга германиялык бир нече окуу жайлардын медицина өкүлдөрү келишкен. Адистер Кыргызстандын лабораторияларынын кызматкерлерин штаммдарды аныктоого окутуп жатышат. Эми жардам катары берилген реагенттер Кыргызстандын аймагында коронавирустун штаммдарын аныктоого жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Жабдыктан сырткары, лабораторияга 50 миң ПЦР-тест тапшырылган. Министр Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын элчиси менен эл аралык адистерге Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

28
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өткөн суткада 200 кишиден коронавирус табылып, 6 бейтап көз жумду
ТИМ Түркияга бара турчуларга сактык полисин алууну эскертти. Артыкчылыгы
УКМК имараты. Архив

Жээнбеков генерал наамдарын мыйзамсыз ыйгарганбы? УКМК текшере баштады

0
(жаңыланган 22:55 14.05.2021)
Интернетте экс-президент Сооронбай Жээнбеков генерал наамдарын мыйзамсыз берген деген маалыматтар тарап жатат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы ички иштер министринин орун басарлары менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басарына генерал наамдары ыйгарылган деген маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу атайын органдын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин интернетте экс-президент Сооронбай Жээнбеков иштен кетер алдында өткөн дата менен ошол кездеги ички иштер министринин орун басарлары Мирлан Канимет менен  Алмазбек Орозалиевге жана УКМК төрагасынын биринчи орун басары Талант Салиевге генерал наамдарын тапшырып кеткен деген маалымат тараган.

Орозалиев кызматынан 21-октябрда кол жууса, Каниметов 3-апрелде кеткен. Ал эми Салиев жумуштан 16-октябрда бошотулган.

Кыргызстанда канча генерал бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар

0
Белгилер:
УКМК, текшерүү, наам, генерал
Тема боюнча
Садыр Жапаров дагы бир жетекчиге генерал наамын берди