Премьер-министр Улукбек Марипов. Архивдик сүрөт

Марипов чек ара чырында көз жумгандардын жакындарына көңүл айтты

49
(жаңыланган 15:01 02.05.2021)
Өкмөт башчы мамлекет тараптан курман болгондордун жана жаракат алган жарандардын үй-бүлөсүнө тийиштүү жардамдар көрсөтүлөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышууда набыт болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Марипов окуя жүздөгөн үй-бүлөгө кайгы алып келгенин белгилеген.

"Баткен облусундагы кайгылуу окуяларга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жарандардын жана жаш наристелердин курмандыгына алып келген жаңжал кайгысы ар бирибиздин жүрөгүбүздү жаралап өттү. Жүздөгөн үй-бүлөгө кайгы алып келди. Эч кандай көңүл айтуулар менен жалп өчкөн мекендештерибиздин өмүрүн кайтарып ала албайбыз. Алардын элеси өлкөнүн ар бир атуулунун жүрөгүнүн түпкүрүндө сакталат!" — деди өкмөт башчы.

Муну менен бирге Марипов кыйын кезеңде бир муштумга түйүлүп, кагылышуу аймагында калган тургундарга көмөк көрсөткөн жарандарга ыраазычылык билдирген.

"Чырдын ырбоосуна жол бербөө үчүн колдон келген аракетин жасаган укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн солдаттарына, сержанттарына жана офицерлерине ыраазычылык билдирем. Курман болгон мекендештерибиздин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жаракат алган жарандарыбыздын тез арада айыгып кетүүсүн жана чың ден соолукта болуп, узак жашоосун каалайм", — деди премьер.

Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусуна келишти.
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Өкмөт башчы мамлекет тараптан курман болгондордун жана жаракат алган жарандардын үй-бүлөсүнө тийиштүү жардамдар көрсөтүлөрүнө токтолгон. Өз сөзүндө зарыл финансылык жана башка ресурстар талкаланган турак жайларды, социалдык жана чарбалык маанидеги объектилерди тезинен калыбына келтирүүгө багыттала турганын кошумчалады.

Аягында Марипов Кыргызстанда ар дайым тынчтык, элибизде ажырагыс биримдик болушун каалаган.

49
Белгилер:
тынчтык, көңүл айтуу, жаракат, Жаңжал, чыр, Улукбек Марипов, Баткен, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (252)
Тема боюнча
Баткендеги үйдөн Ми-24 тик учагынан атылган авиаракета табылды. Видео
Бирөөнүн абалы өтө оор. Чек ара чырынан жабыркагандардын абалы айтылды
Тажикстан барымтадан бошоткондордун бешөө ооруканага жаткырылды
Айыл жергеси. Архив

Жума күнгө карата аба ырайы

49
14-майга караган түнү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын бузулушунан улам сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жума күнү Кыргызстандын бир катар аймактарында күндүн ысыгы 29 градуска жетсе, кээ бир жерлеринде жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +27…+29 градусту көрсөтөт.

49
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Чаткалда алтын казган компания экологиялык зыяны үчүн 103 млн. сомдук доого жыгылды
Автотыгын. Архив

Автоунаалардын аягы көрүнбөйт. Бишкекке тоо тараптан келе жаткандардын видеосу

138
(жаңыланган 21:17 13.05.2021)
Окуянын күбөлөрү бүгүн шаар четине эс алганы чыккандар көп экенин, кайтканда бир нече чакырымга созулган жол тыгын болгонун айтышты.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкекке тоо тараптан эс алып келе жаткандар узун автотыгынды жаратты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирип, видеосун жиберди.

Кадрдан автоунаалар бир топ чакырымга тизилип, айрымдары эки-үч катар болуп токтоп калганын көрүүгө болот. Кишилердин сыртка чыгып алганы да байкалат.

Жол тыгын Ала-Арча жана Аламүдүн капчыгайларындагы жолдо болгон. Кырдаалды Кайгуул милициясынын кызматкерлери жөнгө салган. Жол кырсыгы байкалган эмес.

Видеону тарткан адам бүгүн шаар четине эс алганы чыккандар абдан көп болгонун айтты.

138
Белгилер:
видео, унаа, тыгын, жол, Чоң-Арык айылы, Байтик айылы
Тема боюнча
Бишкектеги автотыгынды азайтуу үчүн асма көпүрөлөр курулат
 Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты

Сокулуктагы дүкөндүн өрттөнгөн видеосу

93
(жаңыланган 22:51 13.05.2021)
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМден эки бөлүм жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын бир штабы тартылды. Ал саат 20:43тө чектөөгө алынды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Дүкөн Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 19:54тө эки бөлүм, ал эми саат 20:14тө өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын штабы тартылган.

Өрт саат 20:43тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүгөн.

Ал эми саат 21:56да толугу менен өчүрүлдү.

93
Белгилер:
видео, дүкөн, өрт, Новопавловка
Тема боюнча
Алайда үй өрттөнүп, 56 жаштагы киши каза болду. Сүрөттөр