Максат айылында күйүп кеткен мектеп

ӨКМ Баткендеги жаңжалда талкаланган объектилердин тизмесин берди

209
(жаңыланган 16:44 02.05.2021)
ӨКМдин маалыматына караганда, 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир ИИМ имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу станция, сегиз дүкөн талкаланган.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында кыргыз-тажик чек ара чатагында жабыркаган турак жай, имараттардын тизмесин берди.

Министрдин орун басары Урматбек Шамыркановдун айтымында, 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир ИИМ имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу станция, сегиз дүкөн жабыр тарткан.

  • Сгоревшие жилые дома кыргызстанцев в селе Максат Баткенской области после военного конфликта на кыргызско-таджикской границе
    Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында кыргыз-тажик чек ара чатагында жабыркаган турак жай, имараттардын тизмесин берди.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Сгоревшие жилые дома кыргызстанцев в селе Максат Баткенской области после военного конфликта на кыргызско-таджикской границе
    Министрдин орун басары Урматбек Шамыркановдун айтымында, 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир ИИМ имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу станция, сегиз дүкөн жабыр тарткан.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Сгоревшие жилые дома кыргызстанцев в селе Максат Баткенской области после военного конфликта на кыргызско-таджикской границе
    Максат айылында күйүп кеткен үйлөр
    © Фото / Эламан Карымшаков
  • Сгоревшие жилые дома кыргызстанцев в селе Максат Баткенской области после военного конфликта на кыргызско-таджикской границе
    Максат айылында күйүп кеткен үйлөр
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Сгоревший отдел милиции в селе Максат Баткенской области после военного конфликта на кыргызско-таджикской границе
    Максат айылында күйүп кеткен үйлөр жана имараттар
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Сгоревший АЗС в селе Максат Баткенской области после военного конфликта на кыргызско-таджикской границе
    Максат айылында күйүп кеткен үйлөр жана имараттар
    © Фото / Эламан Карымшаков
  •  Сгоревшая школа в селе Максат Баткенской области после военного конфликта на кыргызско-таджикской границе
    Максат айылында күйүп кеткен үйлөр жана имараттар
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
1 / 7
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында кыргыз-тажик чек ара чатагында жабыркаган турак жай, имараттардын тизмесин берди.

Баткен району боюнча (алдын ала маалыматтар боюнча):

  • 30 турак үй;
  • 2 мектеп;
  • 1 бала бакча;
  • 1 ФАП;
  • 1 ички аскерлер имараты,
  • "Миң-Булак", "Достук" чек ара заставаларынын имараттары.

Лейлек району боюнча:

  • Максат айылында 11 турак үй;
  • "Максат" чек ара заставасы;
  • Сада айылында 3 турак үй;
  • Раззаков участкасынын Папалин айылында 2 турак үй;
  • Арка айылында 9 турак үй, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн;
  • Достук айылында 12 турак үй;
  • Борбордук айылында 11 турак үй жабыркаган.

Азырынча жабыркаган объектилер боюнча материалдык чыгымдын суммасы айтыла элек.

209
Белгилер:
тизме, мүлк, ӨКМ, чек ара, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (239)
Тема боюнча
ИИМ башчысы ооруканага түшкөн жоокерлерден кабар алды. Сүрөттөр
Марипов чек ара чырында көз жумгандардын жакындарына көңүл айтты
Баткенде эвакуацияланган үч келин көз жарып, бири эгиз уул-кыздуу болду. Сүрөттөр
Дарыгер. Архив

Дарыгер акча соргон, пайдасынан зыяны көп процедураларды атап берди

1
(жаңыланган 11:13 10.05.2021)
Адис вирустук-инфекциялык сезон маалында медиктер толгон-токой витамин, биологиялык активдүү кошулмаларды жана процедураларды жазып берерин айтып, керектүүсүн алууга кеңеш берди.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жөн эле акчаны кетирген жана ашыкча жасалган ден соолук процедуралары тууралуу "Прайм" телеканалына эксперттик медицина клиникасынын башкы дарыгери Олег Серебрянский айтып берди.

Маселен, отоларингологдор мурунду деңиз тузу менен жууганга кеңеш беришет. Андан даярдалган препарат дарыканада кымбат, сасык тумоо күч алганда табуу да кыйын.

"Деңиз тузунан жасалган дарынын деле пайдасы бар. Бирок мурунду кадимки туздуу суу жана физиологиялык аралашма менен жуугандын эч айырмасы жок, натыйжасы ошондой эле болот. Бирок мурун көңдөйүн кечке эле жууй бербегиле. Аралашмалар табигый микрофлораларды кетирип, былжыр челдерге зыянын тийгизет. Көп учурда бул аллергиялык ринитке алып келет", — деген дарыгер.

Ошондой эле физиотерапиялык процедуралар сакайтат деген илимий тастыктама жок. Аны негизги процедура менен чогуу же андан кийин сунуштап жүрүшөт. Физиопроцедура адистин көзөмөлүндө жасалса зыян эмес, бирок чоң пайда күтүп деле кереги жок.

Андан сырткары, курч кармаган респиратордук-вирустук инфекция маалында медиктер толгон-токой витамин менен биологиялык активдүү кошулмаларды жазып берет. Бирок туура тамактанып, пайдалуу азыктарды жеген кишиге алардын кереги деле жок.

Мындан тышкары, дарыгерлер суук тийген адамга антибиотик жазып туура эмес кыларын кошумчалаган. Ал билдиргендей, антибиотик — күчтүү препарат, аны ичкендердин организми дарыны тоготпой калат.

1
Белгилер:
сасык тумоо, мурун, процедура, дарыгер
Тема боюнча
Диетолог толуп кетпеш үчүн канча таттуу жегенге болорун айтты
Президент Кыргызстана Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаров банкирлерди куттуктап, жаңы милдеттерди такты

12
(жаңыланган 11:10 10.05.2021)
10-май — Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнү. Бул майрам 2003-жылы өкмөттүн токтому менен негизделген.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандын банк системасы глобалдык экономикалык тоскоолдуктарга карабай стабилдүү иштеди, буга кызматкерлердин өз ишине берилгендиги түрткү болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтылды.

Ошону менен бирге өлкө башчы банкирлердин алдында жаңы милдеттер турганын айтты.

"Дүйнөдө финансылык технологиялардын динамикалык өнүгүшүн эске алуу менен банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн санарип инфраструктурасын өнүктүрүүнү, инновациялык банк операцияларын жана санариптик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетүү керек. Экономикалык активдүүлүктү тез арада калыбына келтирүү максатында жеңилдетилген каржылоо ишке ашышы зарыл", — деди президент.

Сөзүнүн аягында Жапаров банк кызматкерлерине ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ийгилик каалады.

Эске салсак, 10-май — Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнү. Бул майрам 2003-жылы өкмөттүн токтому менен негизделген.

12
Белгилер:
Садыр Жапаров, куттуктоо, майрам, банк, Кыргызстан
Тема боюнча
9-май — каармандыктын символу. Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш күн менен куттуктады