Эки өлкө тең жаңжалга чейинки жерлерин ээлеп калат. Ташиев сүйлөшүү тууралуу

© Sputnik / Эламан КарымшаковГлава ГКНБ КР Камчыбек Ташиев
Глава ГКНБ КР Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Жазылуу
Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусунда кол коюлган протокол боюнча кенен маалымат жок. Бирок Ташиев сүйлөшүү тууралуу кыскача айтты.
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Ар бир мамлекеттин чыр-чатакка чейин ээлеген жери өз менчигинде калат. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Максат айылында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Ага түндө болгон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусунда эмнелер тууралуу кеп болгону боюнча суроо узатылган.
Ташиевдин айтымында, чек аранын бардык тилкелеринде тынчтыкты орнотуу үчүн бир нече жолу сүйлөшүлдү.
"Биринчиден, чек ара тилкелеринен оор техникаларды, аскерлерге тиешелүү эмес курал-жарактарды жана адамдарды алып чыгып кетүү, экинчиден, ар бир мамлекет өзүнүн чыр-чатакка чейин ээлеген жеринде гана калуу макулдашылды. Үчүнчүдөн, келишимдердин аткарылышы боюнча комиссия түзүлүп, ал жеринде маселелерди териштирип, карап, чечип турат. Ошонун натыйжасында түн жакшы өттү, ок атуу, ызы-чуу жана башка укук бузуулар болгон жок", — деди Ташиев.
Эки мамлекеттин чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу түнкү үчкө чейин созулуп, протоколго кол коюлган. Бирок анда эмнелер жазылганы тууралуу кенен маалымат жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0