Чек ара чырында талкаланган үйлөр мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет

© Sputnik / Эламан КарымшаковПоследствия военного конфликта в приграничном селе Максат
Последствия военного конфликта в приграничном селе Максат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Жазылуу
Эки өлкөнүн чек ара аймагында жашаган элдин кандуу кагылышуусуна алып келген тиреш 28-апрель күнү башталган.
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде чыккан жаңжалдан талкаланып, өрттөлгөн турак үйлөр мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ал эми калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон үйлөр бекер курулуп берилери айтылды.
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Видео
Кандуу кагылышууга алып келген чыр 28-апрель күнү башталып, уланып кеткен. Кечээтен бери сүйлөшүүлөр жүрүп, атышуу токтоп, абал турукташа баштады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалымат боюнча, жаңжалдан Баткен менен Лейлек райондорунда 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир ИИМ имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу станция, сегиз дүкөн жарактан чыккан.
Буга чейин Лейлектин Максат айылына барган биринчи вице-премьер Артем Новиков да бүлгүнгө учураган турак жайлар калыбына келтирилерин белгилеген болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0