Вид на село Кок-Таш Баткенской области, где были перестрелки между военными Кыргызстана и Таджикистана

ИИМ Баткендеги азыркы абал тууралуу маалымат таратты

128
(жаңыланган 09:46 03.05.2021)
Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан чек ара аймактарындагы блокпосттордогу көзөмөл күчөтүлгөн.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. 3-майга карата Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен райондорунун баарында абал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Түн тынч өтүп, эч кандай чатак катталган жок. Милиция жана ички аскерлер жана башка аскердик күчтөр айылдардагы коопсуздукту көзөмөлгө алууда. Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан чек ара аймактарындагы блокпосттордогу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

"Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков кайгуул милициясы менен биргеликте кагылышуу болгон чек арадагы айылдарды кыдырып, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Анда жер-жерлерде коопсуздукту сактоо жана күч органдарынын кызматкерлери элдик кошуундар менен биргеликте ар кандай укук бузуулардын алдын алуу зарылдыгын айтты", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда күч түзүмдөрү коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында түнү-күнү иштөөсүн улантууда.

128
Белгилер:
чек ара, Тажикстан, көзөмөл, милиция, коопсуздук, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (261)
Тема боюнча
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Видео
Үйдөн биринчи чек арага зым тартып бергилечи. Муңга толгон Максат айылынан видео
Жаныбеков: Кыргызстан органикалык продукциянын өлкөсү боло алат
Автоунаа кум борошосун учурунда. Архив

Жүрөк үшүн алат! Чаңдуу бороон Казакстандын райондорун каптаган видео

17
(жаңыланган 22:18 18.05.2021)
Метеорологдор мындай жаратылыш кубулушу региондо көп убакыт жаан жаабай кургак болуп, температура кескин өзгөрүп кеткенде башталарын айткан.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Түндүк Казакстан облусунун бир катар райондорунда бүгүн чаңдуу бороон болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Социалдык тармактын колдонуучулары муну "Күн тутулуп жаткандай" деп сүрөттөп, айланада эч нерсе көрүнбөй калганын жазышкан.

Агенттикке Казгидрометтин облустук филиалы чаңдуу бороон аймакта көп убакыт жаан жаабай кургак болуп, температура кескин өзгөрүп кеткенде башталарын айткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Петропавловск Казахстан СКО (@sko_kz)

Ошондой эле метеорологдор Тайынша районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 33 метрге чейин жеткенин айтышкан. Жакынкы метеорологиялык станциялар дагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрден ашканын каттаган.

17
Белгилер:
видео, аба ырайы, чаң, бороон, Казакстан
Тема боюнча
Индонезиядагы катуу торнадо шаарды жабыркатты. Алай-дүлөйдүн видеосу
Жамгыр. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

18
19-майга караган түнү Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 18-май. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Таласта +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +29…+34, Ысык-Көл жергесинде +18…+23, Нарын өрөөнүндө +19…+24 градуска көтөрүлөт.

Бишкек жана Ош шаарларында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, кечке маал күн күркүрөшү ыктымал. Күндүн табы борбордо +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градус болот.

18
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Күн 37 градуска чейин ысыйт. Июнга карата аба ырайы