Министрлик: вакцина алгандарда антителонун деңгээли жогору экени аныкталды

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүКоронавируска каршы эмдөө. Архив
Коронавируска каршы эмдөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Жазылуу
Учурда кыргызстандыктарга Кытайдын Sinopharm жана россиялык "Спутник V" вакциналарын акысыз алып жатышат.
БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн көпчүлүгүндө жогорку көрсөткүчтөгү антитело калыптанууда. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
"Вакцинанын экинчи дозасын алган 1 362 киши антителого анализ тапшырышты. Көпчүлүгүнүн антителосу 195-200 көрсөткүчүндө экени аныкталды. Бул абдан жакшы жыйынтык. Тагыраагы, адамга бир-эки жыл коронавирус дээрлик жуктайт деп түшүнсөк болот. Андыктан жарандарды коронавирустан сактануу үчүн вакцина алууга чакырам. Учурда вакцина акысыз, каалаган эмдөө пунктуна барып алса болот", — деди Солтонбекова.
Эске салсак, Кыргызстан коронавируска каршы эмдөө 29-март күнү башталып, алгачкы этапта Кытайдын Sinopharm препараты колдонулуп жатат. 250 миң кишиге жете турган 500 миң дозаны Кытай гуманитардык жардам иретинде берген.
Ал эми 22-апрель күнү Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы жеткирилди. Анын 15 миң дозасын Кыргызстан сатып алды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет. Ал 65 жаштан жогоркуларга жана өнөкөт оорусу бар жарандарга сайылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0