Диетолог эттен баш тартып, ордуна эмне жесе болорун айтты

Куурдак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Адис эттен баш тарткан соң организмдеги темирдин, В9 жана В12 витаминдеринин жетишсиздигин толуктоо керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Диетолог Зухра Павлованын вегетариандарга рацион түзүү боюнча берген кеңешин РИА Новости жарыялады.
Дарыгердин айтымында, эттен баш тарткан соң организмдеги темирдин, В9 (фолий кислотасы) жана В12 витаминдеринин жетишсиздигин толуктоо керек.
Гипермаркет АШАН в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Организмди жаш бойдон сактаган 10 азык. Тизме
Мындан улам Павлова этсиз тамактануу тандап алган адам өсүмдүк жана жаныбар белогуна бай азык-түлүктөрдү — быштакты жана башка сүт азыктарын, жумуртка, балыкты көп жеши керектигин айткан. Булар безеткини алдын алуучу азыктар экендиги белгиленди.
Диетолог безетки пайда болору менен эндокринологго кайрылуу зарылдыгын, алар организмде темирдин жетишсиздиги жана стероид гормондорунун бузулушунан кабар берерин эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0