Катуу үндөн чочубагыла! Баткенде саперлор снаряддарды зыянсыздандырууда

© Sputnik / Табылды КадырбековСапер машыгуу учурунда. Архив
Сапер машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Буга чейин Орто-Боз айылынын тургунунун үйүнөн авиациялык ракета табылган. Тажик тарап аны Ми-24 тик учагы менен атканы белгилүү болгон.
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Коргоо министрлигинин саперлор тобу Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылында жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Бүгүн саат 9:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу деп бааланды. Өткөн түнү ок атышуулар жана башка окуялар катталган эмес.
"Жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерине байланыштуу кыргыз-тажик чек арасына жакын жашаган кыргызстандыктарды жарылуунун үнүнөн дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.
Облусту чек арачылар тыкыр кайтарып, күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат.
Буга чейин Орто-Боз айылынын тургунунун үйүнөн авиациялык ракета табылган. Чек ара кызматы 29-апрелде тажик аскерлери Ми-24 тик учагы менен Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарына абадан чабуул жасаганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0