Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖалал-Абад облусунун жаратылышы. Архив
Жалал-Абад облусунун жаратылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
5-майга караган түнү температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +29…+34, Талас жергесинде +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +28…+33, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын өрөөнүндө +23…+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы Бишкекте +31…+33, Ош шаарында +30…+32 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0