Октон каза болгон 13 жаштагы Мадинанын атасы: аялым акылынан айнып кала жаздады

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЛейлек районунун Интернационал айылында каза болгон Мадинанын атасы Наимжан Абдуллов
Лейлек районунун Интернационал айылында каза болгон Мадинанын атасы Наимжан Абдуллов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Чоңойсом дарыгер болом деген 13 жаштагы Мадинанын тилеги эми эч качан ишке ашпайт. Он гүлүнүн бири ачыла элек секелек Баткенде тажик аскерлеринин огунан көз жумду.
Каргашалуу окуя 29-апрель күнү Лейлек районунун Интернационал айылында болду.
Сөөгү жерге берилген Мадинанын 3-май күнү тажиясы өткөрүлүп, атасы Наимжан Абдулловдун, 87 жаштагы чоң атасы Рахматжан жана башка жакындарынын сай-сөөгү сыздап турган кези.
© Фото / Наимжан АбдулловМадина келечекте дарыгер болууну кыялданчу, аттиң...
13-летняя Мадина, погибшая в ходе приграничного конфликта между Кыргызстаном и Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мадина келечекте дарыгер болууну кыялданчу, аттиң...
Тажик аскерлери Интернационал айылына ок жаадырып жаткан маалда Мадина апасы Наргүл, сиңдиси Нурдиана менен эле. Алар коопсуз жай издеп, көчөдө качып бараткан.
Жүк ташуучу унаа айдап иштеген Наимжан Абдуллов окуя болгон учурда жумушунда болгондугун айтып берди.
"29-апрель күнү кечке маал аялым телефон чалып, айылга ок жаап жаткандыгын айтты. Бир кезде телефондон үнү угулбай калды. Ал учурда мен Бешкент тарапта жүргөм. Дароо айылды көздөй жөнөдүм. Бирок Бешкент менен биз жашаган Интернационал айылынын ортосуна блокпост коюлган экен. Ал жерден аскерлер куралдуу кагылышуу башталганын айтып, өткөрбөй коюшту", — деди Абдуллов.
Өлгөндөрдү алып чыгууга баргам. Барымтадан чыккан баткендиктердин видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Түнү бою сабап, суу да бербей кыйнады. Барымтадан чыккан баткендиктердин видеомаеги
Анын айтымында, жубайы Наргүл сыртка чыкса асманды капкара түтүн каптай баштагандыктан коркуп, кошуналарын чакырса эч ким келген эмес. Катуу корккондуктан кулагы да укпай калыптыр. Эки кызын кийинтип, үйдөн чыга качып жөнөгөндө миномет жарылып, улуу кызы Мадина жерге кулаган.
Ок эне-бала турган тарапты көздөй атылгандыктан ал кичүү кызын көтөрүп, бирок Мадина жаткан тарапка өтө алган эмес.
Октон жаракат алган эне менен эки кызды окуя болор замат Исфана шаарындагы ооруканага алып баратканда Мадина жолдо каза болгон. Маркум кыздын телефонунан белгисиз жаран атасына чалып, кызы Исфана шаарындагы ооруканада экендигин, телефону аны жеткирген унаада түшүп калгандыгын билдирген.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваБашына каран түн түшүп турган үй-бүлө Лейлек районунун Интернационал айылында жашайт. Бул айыл чек арага жакын жайгашкан. Эки тарапты канал гана бөлүп турат.
Житель села Интернационал Лейлекского района Наимжан Абдуллов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Башына каран түн түшүп турган үй-бүлө Лейлек районунун Интернационал айылында жашайт. Бул айыл чек арага жакын жайгашкан. Эки тарапты канал гана бөлүп турат.
"Блокпосттон өтө албай, түнү менен тоону, сайды аралап, ууру жолдор аркылуу араң өтүп ооруканага бардым. Кызымдын сөөгү эчак эле моргдо, аялым менен кичүү кызым реанимацияда экен. Эртеси дарыгерлер операция менен аялымдын денесинен октун эки чачырандысын алып, калганын ала албайбыз дешти", — деди ызага муунган ата.
Каргашалуу окуянын эртеси, 30-апрель күнү, ооруканадагы эне менен кызды дарыгерлер учак менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна жөнөткөн.
Наимжан Абдуллов маркум кызынын сөөгүн моргдон алып келип, Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүндөгү Эски-Оочу айылында жерге берген.
Арка айылынын тургуну Гүлайым Добутова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Арка айылынын тургуну Гүлайым: бир сутка талаада жаттык, кошуна эжем каза тапты
Анын айтымында, Интернационал айылы Тажикстандын Гафуров районунун Оочу-Калача айылы менен чектешкен. Бул айыл менен Тажикстанды болгону бир гана канал бөлүп турат. Айылдаштары кооптонуп, үй-жайын таштап чыгып кеткендиктен Мадинанын сөөгүн атасынын үйүнөн узатууга туура келген. Себеби айылда киши жок. “Сөөктү кантип жалгыз жерге берем. Сырттан да тууган-туушкандарым ал айылга келе албайт болчу" деди Абдуллов көзүнө жаш ала.
Ал ок аялынын денесинин арка жагына тийгенин, октон эти кызыл жаян болуп, шылынып жатканына күбө болгонун айтат. Бутунун эки жеринде да жарааты бар, жакшы баса албай жатыптыр. Себеби ок бутунун булчуң эттеринин арасында калып калган.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваНаимжан Абдуллов: Мадинанын сөөгүн Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски-Оочу айылындагы атамдын үйүнөн узатууга туура келди. Себеби айылда киши жок. Сөөктү кантип жалгыз жерге берем. Сырттан да тууган-туушкандарым ал айылга келе албайт болчу.
Житель села Интернационал Лейлекского района Наимжан Абдуллов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Наимжан Абдуллов: Мадинанын сөөгүн Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски-Оочу айылындагы атамдын үйүнөн узатууга туура келди. Себеби айылда киши жок. Сөөктү кантип жалгыз жерге берем. Сырттан да тууган-туушкандарым ал айылга келе албайт болчу.
Кызынан айрылып, кайгыга чөмүлүп турган ата Мадинанын өлүмүн жубайына эки күнгө чейин айта албай койгон.
"Дарыгерлер уруксат бербей, айта албай жүрдүм. Кайгыны жалгыз көтөрө албасымды билип, аялыма наркоз тарай баштаганда айтсам, алгач дарыгерлерге кыйкырды. Анан эс-акылын жоготкон кишидей "ыйлайынбы?" деп мага суроолуу карады. Анын абалын көрүп мен өзүмдү жоготуп кое жаздадым", — деди ал.
Мадина атасынын үч уулдан кийинки улуу кызы эле.
Атасынын айтымында, 13 жаштагы Мадина мыкты окучу. Болочокто дарыгер болом деген тилегине жетпей калды.
Чырактай кызынан ажыраган эне 51 жаштагы Наргүл Хамдамованын куймулчагында калып калган октун чачырандысын алуу үчүн бүгүн, 4-май күнү, операция жасалары күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0