УКМК Тажикстанга Баткен аркылуу бензин ташылууда деген маалыматты четке какты

© AP Photo / Felix MarquezЖүк ташуучу автоунаалар цистерналар менен. Архив
Жүк ташуучу автоунаалар цистерналар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Өрттөнүп кеткен май куюучу жайлардагы бензинди ташып кетүү иши Салык кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ишке ашары белгиленди.
БИШКЕК, 4-май – Sputnik. Тажикстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май ташыла баштаганы боюнча тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, видеого түшүп калган бензовоздор өрттөнүп кеткен май куюучу жайлардагы калган бензинди ташып кетүү үчүн барган.
"Учурда Лейлек районунун үч жеринде (Исфана, Кайрагач, Сай) контрабандалык товарларды өткөрбөө боюнча мобилдик посттор орнотулган. Лейлек районуна жеткирилген күйүүчү май Тажикстанга ташылып кетпеши үчүн тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Ар бир бензовоз бара турган жерине жеткиче көзөмөлдө болот жана Салык кызматынын өкүлү бензиндин куюлушун карап турат", — дешти УКМКдан.
Мындан сырткары, өрттөнүп кеткен май куюучу жайлардагы бензинди ташып кетүү дагы Салык кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ишке ашары белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0