Айжан Чыныбаева кызматын тапшырып, вице-мэрликтен кетип жатат

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин вице-мэрм Айжан Чыныбаева. Архив
Бишкектин вице-мэрм Айжан Чыныбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Чыныбаева шаардык муниципалитеттин кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, бул кызматта мындан ары иштей албасын айткан.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Айжан Чыныбаева Facebook баракчасы аркылуу Бишкектин вице-мэрлик кызматынан кетип жатканын билдирди.
Ал шаардык муниципалитеттин кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, бул кызматта мындан ары иштей албасын айткан. Чыныбаева Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун иштөө методуна кошулбай турганын белгилеп, аны менен мамиле түзө албаганын кошумчалаган.
Эске салсак, Чыныбаева аталган кызматка 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0