Жапаров: улуттук наркты сактап калуу үчүн мамлекеттик катчы институту түзүлөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук гвардиянын жоокери Кыргызстандын желеги менен. Архив
Улуттук гвардиянын жоокери Кыргызстандын желеги менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы эне жана баланы камкордукка алуу, колдоо жана коргоо багытында улуттук долбоорлорду тез арада ишке киргизүүнү тапшырганын белгиледи.
БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Салттуу үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдеп, нарктуулугузубду сактап калыш үчүн жаңы Конституцияга мамлекеттик катчы институтун атайын киргиздик. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кыргыз элине кайрылуу жасап жатып билдирди.
Белгилей кетсек, мамлекет башчы бүгүн, 5-майда, жаңы Конституцияга кол койду.
"Өлкөнү өзгөртүүнү үй-бүлөдөн башташыбыз керек. Ааламдашуу маалында салттуу үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдеп, нарктуулугузубду сактап калыш үчүн Конституцияга мамлекеттик катчы институтун атайын киргиздик. Институт  жогоруда аталган маселелер боюнча иш алып барат", — деп айтылат маалыматта.
Референдум по проекту новой Конституции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жаңы Конституция долбоору тууралуу толук кеп: референдумдан соң бизди эмне күтөт?
Президент алдыда кыргыздын философиялык тарыхый мектебин, тарыхый жана маданий мурастары платформасын түзүү маселеси турганын белгилеген. Ошондой эле эне жана баланы камкордукка алуу, колдоо жана коргоо багытында улуттук долбоорлорду тез арада ишке киргизүүнү тапшырганын кошумчалады.
Мамлекет башчы акындык, төкмөлүк, манасчылык институттарын түзүп, кыргыз адабияты менен киносун колдоого алып, Коомдук телеканалды реформалоо зарылдыгына да токтолду.
Жаңылыктар түрмөгү
0