УКМК: тажик тарап айдап кеткен эки автоунааны Кыргызстанга өткөрүп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЛейлек районунун айылы
Лейлек районунун айылы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевдер кагылыш учурунда жабыркаган чек арадагы объектилерди карап чыгышкан.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экенин айтып, акыркы маалыматтар менен бөлүштү.
Билдирмеге караганда, кечээ, 4-майда, Тажикстандын жарандары айдай качкан Hyundai жана "Жигули" үлгүсүндөгү эки автоунааны тажик тарап Кыргызстанга өткөрүп берген. Тажиктер автоунааларды "Кулунду" өткөрмө пункту аркылуу айдап өтүшкөн.
"Бүгүн УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жана аталган кызматтын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги Кыялбек Төлөнбаев болуп кагылыш учурунда жабыркаган чек арадагы объектилерди карап чыгышты", — деп жазылат маалыматта.
Бардык органдын кызматкерлери чек арадагы абалга көз салып жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0