Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБаткен аймагындагы Кербенге кетүүчү жол. Архив
Баткен аймагындагы Кербенге кетүүчү жол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
6-майга караган түнү температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонду. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29, Талас жергесинде +21…+26, Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын өрөөнүндө +22…+27 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +27…+29, Ош шаарында +24…+26 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0