Бишкектеги калкты тейлөө борбору. Архив

Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунун тизмеси жана даректери

100
Sputnik Кыргызстан жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунун тизмесин жана даректерин жарыялайт.

Калкты тейлөө борборлору ID-карта жана чет мамлекетке чыкканда колдоно турган паспорттордон сырткары ПИН жана жарандарга кеп-кеңеш берет.

Калкты тейлөө борбору - 1

  • Дареги: 12-кичи район, Нуркамал Жетикашкаева көч. 29 ("ДК" соода борборунун имараты);
  • Октябрь райондук паспорттоштуруу жана элди каттоо бөлүмү;
  • Октябрь райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу, жарандарды каттоого алуу бөлүмү;
  • Телефон: (0312) 98-61-91, кошумча номер: 614.
  • Иш күндөрү: дүйшөмбү – жума
  • 9:00дөн 18:00гө чейин
  • Дем алуу: 12:30 – 13:30
  • Эс алуу күнү — ишемби, жекшемби

Калкты тейлөө борбору - 2

  • Дареги: Чокон Валиханов көч. 2
  • Свердлов райондук паспорттоштуруу жана элди каттоо бөлүмү;
  • Аламүдүн райондук паспорттоштуруу жана элди каттоо бөлүмү;
  • Свердлов райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү;
  • Аламүдүн райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу, жарандарды каттоого алуу бөлүмү;
  • Иш күндөрү: дүйшөмбү – жума
  • Телефон: (0312) 98-61-91, кошумча номер: 613
  • Дем алуу: 12:30 – 13:30
  • Эс алуу күнү — ишемби, жекшемби

Калкты тейлөө борбору - 3

  • Дареги: Жаш гвардия бульвары, 4
  • Ленин райондук паспорттоштуруу жана элди каттоо бөлүмү;
  • Телефон: (0312) 98-61-90 кошумча номер: 709
  • Иш күндөрү: дүйшөмбү – жума
  • 9:00дөн 18:00гө чейин
  • Дем алуу: 12:30 – 13:30
  • Эс алуу күнү — ишемби, жекшемби

Калкты тейлөө борбору - 4

  • Дареги: Жибек жолу пр., 381
  • Биринчи май райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана элди каттоо бөлүмү;
  • Телефон: (0312) 98-61-90
  • Иш күндөрү: дүйшөмбү – жума
  • 9:00дөн 18:00гө чейин
  • Дем алуу: 12:30 – 13:30
  • Эс алуу күнү — ишемби, жекшемби

Калкты тейлөө боюнча чакан борборлор

1. Дареги: Чыңгыз Айтматов пр., 3 ("Азия Молл")

  • Иш күндөрү: шейшемби-жекшемби
  • 10:00дөн 19:00гө чейин
  • Дем алуу: 14:00 — 15:00
  • Эс алуу күнү — дүйшөмбү

2. Дареги: Чүй пр., 41Б ("Глобус" гипермаркети)

  • Иш күндөрү: шейшемби-жекшемби
  • 10:00дөн 19:00гө чейин
  • Дем алуу: 14:00 — 15:00
  • Эс алуу күнү — дүйшөмбү

3. Дареги: Чүй пр., 96 (Башкы почтамптын имараты)

  • Иш күндөрү: шейшемби-жекшемби
  • 10:00дөн 19:00гө чейин
  • Дем алуу: 14:00 — 15:00
  • Эс алуу күнү — дүйшөмбү

4. Дареги: Ауэзов көч. 1/5

  • Иш күндөрү: шейшемби-жекшемби
  • 10:00дөн 19:00гө чейин
  • Дем алуу: 14:00 — 15:00
  • Эс алуу күнү — дүйшөмбү

Калкты тейлөө борбору-3/2 ( Ленин районунун филиалы)

  • Дареги: Садырбаев көч., 107
  • Иш күндөрү: дүйшөмбү – жума
  • 9:00дөн 18:00гө чейин
  • Дем алуу: 12:30 – 13:30
  • Эс алуу күнү — ишемби, жекшемби
100
Белгилер:
Бишкек, Калкты тейлөө борбору, паспорт, ID-карт
Тема боюнча
Джапаров: жаңы үлгүдөгү паспортко арыздар кабыл алына баштады
Айрым калкты тейлөө борборлорунун графиги убактылуу өзгөрдү. Тизме
Паспорт кризиси: Мамкаттоо чет өлкөгө чыкчу жарандарга эскертүү берди
Мектептеги карантин. Архив

Коронавирустан улам Бишкектеги мектептерде 13 класс жабылды. Тизме

21
(жаңыланган 18:47 27.09.2021)
Жалпысынан 13 класс убактылуу карантинге жабылган. Мэрия ата-энелерден ооруган балдарды мектеп, бала бакчага жибербей коё турууну суранды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкектин кээ бир мектептеринде окуучулардан коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу айрым класстар жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жалпысынан 13 класс убактылуу карантинге жабылган.

Биринчи май району:

  • №48 орто мектебинде бир класс, №70 мектепте бир класс;

Ленин району:

  • №9 мектепте эки класс, №13 мектепте бир класс, №8 мектепте бир класс;

Свердлов району:

  • №11 мектепте бир класс, №38 мектепте бир класс, №4 мектепте үч класс, №65 орто мектебинде бир класс, №66 мектепте бир класс.

Мэрия бекитилген алгоритм боюнча кайсы мектептин окуучуларында коронавирус аныктала турган болсо, класстар жабыларын эскертти.

"Урматтуу ата-энелер, эгер балаңыз ооруп кала турган болсо, аны мектепке же бала бакчага жибербей коё туруңуз. Анткени бала башкаларга да жугузуп, вирусту жайылтышы ыктымал", — деп айтылат маалыматта.

Жабылган класстардын окуучулары аралыктан окуп турары кошумчаланды.

21
Белгилер:
Бишкек мэриясы, коронавирус, окуучу
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Вакцина алган энелердин карынында жаткан балдардан антитело табылды
Көмүр түшүрүп жаткан жумушчу. Архив

Быйыл көмүрдүн баасы кандай болот? Кара алтындын наркына сереп

92
(жаңыланган 17:49 27.09.2021)
Синоптиктер аптанын аягында күн сууктай турганын божомолдоодо. Аба ырайы бузулары менен турак үйдө тургандар арасында көмүргө болгон суроо-талап өсөт.

Быйыл азык-түлүктөн тарта күйүүчү майга чейин кымбаттады. Мунун баары көмүрдүн баасына таасир этпейби? Кара алтындын баасы канча болот, кору жетиштүүбү? Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ушул жана башка суроолорго жооп алып, көмүрдүн наркы, запасына сереп салды.

Бишкек шаарындагы көмүр саткан ишкерлердин айтымында, азырынча ордо калаага Кара-Кеченин көмүрү келе элек. Учурда шаарда Казакстандын Кара-Жыра, Шабыркүл көмүрлөрү эле сатылууда. Алардын бир тоннасы 4 800 сомго бааланып жатканы маалым болду.

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надырбек Бекжанов былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл көмүр казуу иштери бир аз кечигип жатканын айтып, себебин түшүндүрдү.

"Каражаттын жетишсиздигинен, жайында тоолуу райондорго эки ай тынбай жамгыр, кар да жаагандыктан көмүр кеч казылып калды. Анын үстүнө буга күйүүчү май, тетиктердин кымбатташы да себеп болду. Ага карабай көмүр казуу иштери уланып жатат. Тилекке каршы, көмүрдүн кесегин аныктай албагандыктан, казылган көмүрлөр бир аз майда болууда", — деди Бекжанов.

Анткен менен быйыл өлкөдө көмүр жетиштүү болору белгиленди. Бекжановдун айтымында, жылдан-жылга көмүр көп казылып, жалпысынан өлкөдө кара алтындын алты миллиард тонна запасы бар.

"Бул жылы үч миллион тоннадан ашык көмүр керектелиши күтүлүүдө. Анын ичинен 1 миллион 150 миң тоннасы элге берилсе, 250 миң тонна бюджеттик мекемелерге жумшалат. Калганы ТЭЦке жумшалат", — деди Бекжанов.

Ал учурда ТЭЦти көмүр менен камсыздоо иши жүрүп жатканын айтып, көмүр элге жана бюджеттик мекемелерге 1-октябрдан тарта бериле баштаарын кошумчалады.

"Быйыл күйүүчү майдын жана техникалык каражаттардын кымбаттаганы көмүрдүн баасына да таасирин тийгизбей койбойт. Карьерден чыккан 1 тонна көмүрдүн баасы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан 1 330 сом деп белгиленди. Статистикалык маалымат боюнча, кара алтындын бир тоннасы Нарында 2 500 сомдон 4000 сомго чейин, Чүй өрөөнүндө 4500-4700 сом, Ысык-Көлдө 5000 сомго чейин чыгат. Ал эми өлкөнүн түштүк аймагында 7000-8000 сомго сатылары божомолдонууда", — деди ал.

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин билдирмеси боюнча, быйыл жергиликтүү көмүрдүн бир тоннасынын наркы 3 620 сомдон 6 500 сомго чейин болмокчу. Мунун ичинде Кара-Кече, Сүлүктү, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя көмүрү бар.

Ал эми сырттан келген көмүрдүн (Казакстан) бир тоннасы 5000-7000 сомду түзөт. "Кыргыз көмүр" ишканасы азыркы учурда Кыргызстанга Казакстандан көмүрдүн Кара-Жыра, Шабыркүл деген түрлөрү аз-аздан келип жатканын айтып, бирок Казакстан ички керектөөсүн толук камсыздап алмайынча, канча тонна көмүр келери белгисиз экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, өлкөдө көмүрдүн сатыла турган баасын (карьерден чыкканын гана белгилейт — ред.) бир дагы мамлекеттик орган бекитпейт. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүрдүн баасы чектен ашып сатылып жаткан күндө гана өкмөттүн токтому менен көзөмөлгө алат.

Былтыр Бишкекте Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3700дөн 4200 сомго чейин сатылса, Казакстандын Кара-Жыра, Шабыркүл көмүрлөрүнүн баасы 4000 сомдон ашкан.

92
Белгилер:
көмүр, баалар, Кыргызкөмүр мамлекеттик ишканасы
Тема боюнча
Кулжыгачов: Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр
Кышка даярдык башталды. Бишкек менен Чүйдө электр чубалгылары оңдолот. Сүрөт