Аскердик окуу жайларга тапшырууну каалагандарды кабыл алуу уланууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЖоокерлер. Архив
Жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жазылуу
Абитуриенттердин документтерин кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 20-майына чейин жүргүзүлөрү кабарланды.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Коргоо министрлигинен 2021-2022-окуу жылына аскердик окуу жайларга тапшырууну каалаган абитуриенттердин документтерин кабыл алуу жүрүп жаткандыгын билдиришти.
Аскердик окуу жайлардын тизмеси, бөлүнүп жаткан окуу орундарынын болжолдуу саны жана аскердик окуу жайларга тапшыруу шарттарын www.mil.gov.kg сайтынан (анын ичинен "Билим берүү" бөлүмүнөн ) табууга болот.
Окуу жайларга тапшырууну каалагандар Коргоо министрлигинин расмий сайтындагы аталган бөлүмүнөн онлайн-каттоодон өтүп, андан кийинки нускама боюнча иш алып барышы керектиги айтылган.
Документтерди кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 20-майына чейин жүргүзүлмөкчү.
Жаңылыктар түрмөгү
0