Ташиев тажик делегациясынан кечирим сураган эмес. УКМК чуулуу видео тууралуу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мекеменин жетекчиси Камчыбек Ташиев. Архивное фото
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мекеменин жетекчиси Камчыбек Ташиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ролик монтаждалып, атайын кызматтын башчысын каралоого багытталганын белгиледи.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мекеменин жетекчиси Камчыбек Ташиев тажик делегациясынын алдында кечирим сураган эмес. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, интернет айдыңында жана маалымат каражаттарында Ташиевдин тажик делегациясы менен жолугушуп, кечирим сураган ролиги тараган.
"Камчыбек Ташиев тажикстандык делегациянын алдында кечирим сураган видеоматериал монтаждалган. Ал атайын кызматтын башчысын каралоого багытталган аракет", — дешти УКМКдан.
Баткенде 28-апрелде чыккан чек ара чыры 1-2-май күндөрү басылды. УКМК жетекчиси бир катар жолугушууларды өткөргөнү маалым.
Жаңылыктар түрмөгү
0