Жума күнүнө карата аба ырайы

© AFP / LUIS ROBAYOЖаан учурунда киши кол чатыр менен бара жатат. Архив
Жаан учурунда киши кол чатыр менен бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жазылуу
7-майга караган түнү температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүшү ыктымал.
БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Асмандагы топ жылдызды. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Кыргызстандыктар эки күн жабыла учкан топ жылдызды көрө алат
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын өрөөнүндө +20…+25 градусту көрсөтөт.
Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы борбордо +24…+26, Ош шаарында +25…+27 градус болору боолголонду.
Жаңылыктар түрмөгү
0