Талмасы бар кыргызстандыктар дарыны 90 пайыз арзандатуу менен алат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДарыканада аял. Архив
Дарыканада аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду оорулуулар дарыны саламаттык сактоо уюмдар жазып берген рецепт боюнча гана ала турганы белгиленди.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда талма оорусу менен жабыркагандар айрым дары-дармектерди 90 пайыз арзандатуу менен ала алат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кабарлады.
Мындай жеңилдикке Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында камсыздандырылган жана Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ЦСМ) каттоосу бар бейтаптар ээ.
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Айыккыс оор дарт менен күрөшкөн бейтаптар бекер кеңеш алса болот. Номерлер
Препараттын рецептин фельдшердик-акушердик пунктулардын, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, жалпы практикалык дарыгерлер борборлорунун жана Республикалык психикалык ден соолук борборунун адистери жазып берип, дарыканага жөнөтүшү керек.
Арзандатуу менен бериле турчу дарыларга карбамазепин, финлепсин, мелепсин жана фенобарбитал кирет.
Ошондой эле фонддун кошумча программасы менен камсыздандыруу статусу жана Үй-бүлөлүк медицина борборунда каттоосу бар бейтаптар 50 пайызга чейин жеңилдик менен дары-дармектерди сатып алса болору белгиленди.
Андан тышкары, талма менен жабыркагандарга бир катар амбулатордук кызматтар көрсөтүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0