Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүУн кампасы. Архив
Ун кампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
Токаевдин маалымат катчысы эки элдин мурдатан келе жаткан достугун, бир туугандыгын жана стратегиялык өнөктөштүгүн эске салган.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Казакстан кыргызстандыктарга гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун берерин мамлекет башчынын маалымат катчысы Берик Уали билдирген.
"Кыргызстан менен мурдатан келе жаткан достук, союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк бар. Президент Касым-Жомарт Токаев бир тууган кыргыз элине казак элинин атынан жардам көрсөтүүнү чечти. Кошуна өлкөгө 10 миң тонна ун жөнөтүлөт", — деп жазган ал Facebook тармагындагы баракчасына.
Маалымат катчы өкмөт учурда Токаевдин тапшырмасын аткарууга киришкендигин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0