Кыргыз-тажик чек арасындагы аял кыйраган үйүн жанында

Бийлик чек ара чырынан жабыркагандарга компенсация төлөөгө каражатты кайдан алат

148
(жаңыланган 11:18 07.05.2021)
Экономика министри каражат резервден бөлүнүп жаткандыктан бюджеттин башка беренелери кыскарбай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан жабыркагандарга компенсация республикалык бюджеттен төлөнүп берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, компенсация төлөөгө мамлекеттин каражаты жетет.

"Кыргызстандын бюджет кодексинин 23-беренесине ылайык, жыл сайын мамлекеттик бюджет резерви каралат. Бүгүнкү күндө бул каражат жетиштүү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, компенсация төлөп берүүгө 48,7 миллион сомго чукул акча керектелет. Бул сан өзгөрүп, такталышы ыктымал", — деди ал.

Кармышаков каражат резервден бөлүнүп жаткандыктан бюджеттин башка беренелери кыскарбай турганын белгиледи.

Баткенде жабыркагандарга ачылган ӨКМдин атайын эсебине 1 миллион 467 миң сом, Баткен облусунун райондук администрациясынын эсебине 45 миллион 735 миң сом түшкөнү маалым болду.

148
Белгилер:
Баткен, чек ара, чыр, компенсация
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (309)
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасын бөлчү чийин кайсы тилкелерде сызыла турганы айтылды
Садагам кызым, периштем... Мадинаны жоктоп кан жуткан ата-эненин күйүтү
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

4
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев айыл чарба тармагына камсыздандырууну киргизүү мерчемделип жатканын маалымдады.

Агро камсыздандыруу боюнча мыйзам иштелип чыгып, сунушталды. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.

Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда

Анын айтымында, учурда агро камсыздандыруу дүйнөдө көптөгөн өлкөлөрдө колдонулууда.

"Соңку учурдагы табигый процесстерден улам түшүмдүүлүк азайып кетти. Мына ушул сыяктуу көйгөйлөрдөн коргоо максатында агро камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, сунушталды. Бул тажрыйба көптөгөн мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп жатат. 2009-жылдын 26-январында "Бир типтеги өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүгү жөнүндө" мыйзам чыккан. Тилекке каршы, ал жетиштүү деңгээлде иштеп кеткен жок. Мындан улам ага өзгөртүүлөр сунушталып, агро камсыздандырууну киргизүү мерчемделүүдө. Ага ылайык, камсыздандырууда ар бир өсүмдүк боюнча ар башка тариф коюлат. Табигый кырсыктардан кийинки чыгымдын 50 пайызын мамлекет, калганын дыйкандар каржылайт. Бул дыйкан, фермерлерди ар кандай тобокелчиликтерден коргойт", — деди Жумалиев.

Ошондой эле ал агро камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлө турганын кошумчалады.

4
Белгилер:
Жигитали Жумалиев, айыл чарба, камсыздандыруу, дыйканчылык
Тема боюнча
Айдаралиев: чоң пландарды түзө бербей майда иштерди аткарууга мезгил келди
Экзамен тапшырып жаткан мигранттар. Архив

Россияда мигранттардын экзамен берүү шарттары өзгөрдү

17
(жаңыланган 12:09 01.08.2021)
Россия мигранттардан экзамен алуу жана документтерин жалпы маалыматтык системага киргизүү боюнча эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизди.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Россияда мигранттардан экзамен алууга байланыштуу бир катар токтомдор күчүнө кирди. РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, мындан ары орус тили, тарых жана өлкө мыйзамдары боюнча экзамендин материалдары үч жылга чейин сакталат.

"Орус тили, тарых жана РФтин негизги мыйзамдары боюнча экзамен алуу тартиби жана материалдарды сактоо" токтомуна ылайык, мигрант берген экзамендин жыйынтыгы сертификат алган күндөн тарта үч жыл сакталып, андан кийин жок кылынат.

"Квалификация жана билим алгандыгы тууралуу документтердин федералдык реестри жөнүндө" токтом боюнча, мигранттын документтери жалпы маалыматтык системага киргизилиши зарыл.

Ал эми "Орус тили, тарых жана РФтин негизги мыйзамдары боюнча экзамен алуунун баасы тууралуу" токтомго ылайык, мигранттар убактылуу жашоого уруксат алуу үчүн орус тилинен экзамен тапшырууга эң көп дегенде 5,9 миң рубль төлөшү керек. Ал эми ишке орношуу же патент алуу үчүн орус тилинен экзамен тапшырса баасы 3,8 рубль болот.

17
Белгилер:
Россия, мигранттар, экзамен, мыйзам, токтом
Тема боюнча
25-июлдан тарта Россияга "COVID жок саякаттайм" тиркемеси менен гана кирүүгө болот