COVID-19: медиктерге компенсация төлөө үчүн 243 млн. сом бөлүндү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги күндүзгү оорукананын медициналык кызматкерлери. Архив
Бишкектеги күндүзгү оорукананын медициналык кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов митингге чыккан медиктерге компенсация төлөөгө акча тапканын айткан.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Республикалык бюджеттен коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жана анын кесепетинен каза болгон 1165 медициналык кызматкерге бир жолку акчалай компенсация төлөөгө 243 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, 16-апрель күнү ондогон медицина кызматкери Ак үйдүн жана Өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүшкөн. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылган.
Митингчилерди биринчи вице-премьер Артём Новиков кабыл алган болчу. Кийин премьер-министр Марипов митингге чыккан медиктерге компенсация төлөөгө акча тапканын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0