Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Бишкектеги советтик жоокерлердин жалпы көрүстөнүндө митинг-реквием болгонун мэриядан билдиришти

Бишкектеги советтик жоокерлердин жалпы көрүстөнүндө митинг-реквием өттү

62
(жаңыланган 20:09 07.05.2021)
Жалпы көрүстөнгө Улуу Ата Мекендик согуштун 248 катышуучусунун сөөгү коюлган. Алар, тилекке каршы, Жеңиш күнүнө жетпей курман болушкан.

БИШКЕК, 7-май— Sputnik. Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Бишкектеги советтик жоокерлердин жалпы көрүстөнүндө митинг-реквием болгонун мэриядан билдиришти.

  • В Бишкеке на Братском кладбище прошел митинг-реквием, посвященный 76-й годовщине Победы в Великой Отечественной войне
    Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Бишкектеги советтик жоокерлердин жалпы көрүстөнүндө митинг-реквием болгонун мэриядан билдиришти
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В Бишкеке на Братском кладбище прошел митинг-реквием, посвященный 76-й годовщине Победы в Великой Отечественной войне
    Иш-чарага ардагерлер, мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Россиянын элчиси Николай Удовиченко, Беларусиянын элчиси Андрей Страчко, ардагерлердин райондук кеңешинин төрагасы Маркиль Ибраев катышты
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В Бишкеке на Братском кладбище прошел митинг-реквием, посвященный 76-й годовщине Победы в Великой Отечественной войне
    Алар маркумдарды эскерип, мемориалга гүл коюшкан
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В Бишкеке на Братском кладбище прошел митинг-реквием, посвященный 76-й годовщине Победы в Великой Отечественной войне
    Жалпы көрүстөнгө Улуу Ата Мекендик согуштун 248 катышуучусунун сөөгү коюлган.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 4
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Бишкектеги советтик жоокерлердин жалпы көрүстөнүндө митинг-реквием болгонун мэриядан билдиришти

Иш-чарага ардагерлер, мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Россиянын элчиси Николай Удовиченко, Беларусиянын элчиси Андрей Страчко, ардагерлердин райондук кеңешинин төрагасы Маркиль Ибраев катышты. Алар маркумдарды эскерип, мемориалга гүл коюшкан.

Жалпы көрүстөнгө Улуу Ата Мекендик согуштун 248 катышуучусунун сөөгү коюлган.

62
Белгилер:
Бишкек, көрүстөн, эскерүү, Улуу Ата Мекендик согуш
Тема боюнча
Согуш ардагеринин небереси: чоң атамдын сөөгүн 7 жыл издедим
Ооруканадагы бейтап. Архив

Бир суткада коронавирус 10 адамдын өмүрүн алды

10
(жаңыланган 14:45 01.08.2021)
Азыркы тапта коронавирус аныкталган 3 759 киши ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 1 100 бейтаптын абалы оор болсо, 222синин абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өткөн суткада өлкө боюнча коронавирустан 10 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Каза болгондор:

  • Бишкек шаары — 5;
  • Ысык-Көл — 3;
  • Нарын — 1;
  • Жалал-Абад — 1.

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 2 335 адам дарттын курмандыгы болду.

Азыркы тапта коронавирус аныкталган 3 759 киши ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 1 100 кишинин абалы оор болсо, 222 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Бүгүнкү күндө 10 369 адам үй шартында дарыланып жатканы кошумчаланды.

10
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, оору, дарт, өлүм, статистика
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID жуктургандарга Бишкек жана Чүйдүн ооруканаларындагы бош орундар
Кыргызстанда бир суткада 17 миңден ашык адам вакцина алды
Стаканга суу алып жаткан адам. Архив

Диетолог суу тууралуу мифтерди жокко чыгарды

46
Дарыгер суу тууралуу азыр айтылып жүргөн айрым нерселерди жокко чыгарып, анын себептерин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Учурда суу жана анын адамдын организмине тийгизген таасири тууралуу айтылып жаткан нерселердин көпчүлүгү жөн гана миф. Бул тууралуу "Прайм" агенттигиндеги маегинде эндокринолог, диетолог Ульяна Румянцева айткан.

"Мисалы, бир күндө 2 литр суунун өзүн ичиш керек деп айтылып жүрөт. Бул туура эмес, ар кайсы организм уникалдуу, баарына 2 литр суу керек деген түшүнүк жок. Экинчиден, сөз болуп жаткан көлөм бир гана суудан турушу керектигин дагы эч ким далилдеген эмес. Ага чай, кофе, шире, шорпо кошула берет. Болгону алкоголь ичимдиги менен газдалган суусундуктарды эсептебеш керек", — деди дарыгер.

Адис логикалык жактан ойлонуп көргөндө деле элдин баарына 2 литрден суу ичүү системасы туура келбесин белгилейт. Таргыраак айтканда, эркектин организми аялдыкына караганда сууну көбүрөөк  талап кылат.

Ал эми толук адамдар учурдагы салмагына эмес, жашына жана боюна жараша идеалдуу деп эсептелген салмакка ченеп ичиши керек.

"Адам ооруп турган учурда, инфекция жуктуруп, дене табы көтөрүлгөндө болушунча көбүрөөк суу ичкени жакшы. Башка ооруларга чалдыккан учурларда ашыкча суу терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн", — деди диетолог.

Сөзүнүн аягында адис бардыгы индивидуалдуу экенин кошумчалады.

46
Белгилер:
суу, дарыгер, миф, ден соолук, адам, норма
Тема боюнча
Канадада жасалма уруктандыруу үчүн өз уругун пайдаланып жүргөн дарыгер кармалды