6 бейтап каза таап, 416 кишиден COVID аныкталды. Соңку маалымат

© AFP / MARIO TAMACOVID-19 каза болгон адам менен медициналык кызматкер. Архив
COVID-19 каза болгон адам менен медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Жазылуу
Расмий маалыматта 2020-жылдын март айынан тарта Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен 98 079 адамдын ооруганы айтылат. Алардын ичинен 91 267 киши сакайып кетти.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус 416 адамга жукса, 308 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 246;
  • Ош шаары – 10;
  • Чүй облусу – 110;
  • Ош облусу – 3;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 25;
  • Жалал-Абад облусу – 15;
  • Баткен облусу – 2.
Айыгып кеткендер:
  • Бишкек шаары – 202;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 77;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 4. 
Расмий маалыматта 2020-жылдын март айынан тарта Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен 98 079 адамдын ооруганы айтылат. Алардын ичинен 91 267 киши сакайып кетти.
Тилекке каршы, COVID-19 илдети өткөн суткада алты кыргызстандыктын өмүрүн алды. Алардын төртөө Бишкек шаарынын, экөө Чүй жана Ысык-Көл облустарынын тургундары болчу. Ушуну менен вирустан каза тапкандардын саны 1 649га жетти.
Учурда ооруканада 1 653, амбулатордук дарыланууда 2 514 бейтап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0