Кыргызда өлүмдөн да катуу жаза болгон. Бала тарбиялоо жөнүндө кызыктуу маек

© Фото / из личного архива Мелиса Мураталиева"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев
Бакдөөлөт коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Жазылуу
Ар бир улуттун өзгөчөлүгү, менталитети жана өзүнө тийиштүү кулк-мүнөзү болгондой эле бала тарбиялоо жаатында да айырмачылыктары бар.
Тарбия берүү маселеси жана кыргыздар баланы тарбиялоодо эмнеге көңүл бөлүшкөн деген темада кыргыз таануучу, "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы баарлашкан.
— Баланы тарбиялоо боюнча толгон-токой ойлор, пикирлер бар. Бул психологдор үчүн да популярдуу тема болуп келе жатат. Кыргыз үй-бүлөсүндөгү бала тарбиялоо тууралуу сүйлөшөлүчү. Бизде эмнеге басым жасалган?
— Негизи жашоодо тарбиянын маанилүү орду бар. Менимче, улутту улут катары сактап, баалуулуктарды муундан-муунга мурас кылып берчү эң асыл негиздин бири — бул тарбия. Себеби муундардын ортосундагы байланышты бекемдеп, сапатын жандырбай, наркын жоготпой кийинки муунга өткөрүп берүү маселеси тарбияда жатат. Кийинкилердин баштапкы көчтү улап кетүүчү дарамети да ушуга байланыштуу.
Айтайын дегеним, өмүрдө эки нерсе адамды чоң сыймыкка бөлөйт. Биринчиси, өзүңдөн артык муунду тарбиялаганың. Экинчи маселе, ата-бабадан келе жаткан мурасты тээ тереңине чейин түшүнүп, ошону таанып, сактап, колдон келишинче өркүндөтүп анан урпактарга өткөрүп бергениң. Ушунун баары тарбияга кирет.
Адам баласы жашоого көп нерседен кабары жок, сезими курчуй элек алсыз болуп келет. Анан айлана-чөйрөнү көрүп, таасирленип, аны өзүнүн күнүмдүк тиричилигинде колдонушу кадыресе көрүнүш. Чөйрөдөн таасир берүүчү көп нерсени кабыл алуу процессинин өзү тарбия. Муну тереңден кароо керек. Мисалы, кээ бир кылык-жоруктары жаман адамды тарбиясы жок деп коюшат. Бул орундуу же салттуу тарбиясы жок деген мааниде айтылган. Бирок бала тарбиясыз болбойт, жамандыр-жакшыдыр аны чөйрө, күнүмдүк жашоо өзү тарбиялайт. Балага ак-караны таанытуу ата-эненин милдети. Кыргызда улууга урмат, кичүүгө ызаат деген улуу сөз бар. Ызаат дегенди көпчүлүк учурда урмат көрсөтүү сөзү менен тең карап келебиз. Чындап келгенде мааниси бир аз башкача. Азыр бала менен бала болуп, баланын тилинде сүйлөп, баланын көңүлүн карап тарбия берген учурлар абдан көп болуп жатпайбы. Мисалы, кыргыздардын дүйнө таанымында мындай болгон эмес. Кичүүгө ызаат дегени — бала менен бала болбой, ар кыл жагдайга жараша баланы өзүңдүн деңгээлиңе көтөрүү дегенди билдирет. Салт боюнча бизде түндүктү эркек көтөрөт, бирок көчүп жаткан учурда жоого кетип же башка себептер менен үйдө карылуу эркек жок болсо аялдар деле боз үйдү чечип, кайра тиге берген. Бирок эркек жок болсо шарттуу белги катары ырымдап ымыркай же өспүрүм болсо да эркек баланын колун баканга тийгизип туруп, түндүктү аял киши көтөрүп койгон. Бул жерде өспүрүмгө эркек бала катары ызаат көрсөтүлүп, жашоодо ордун эртелеп таанытып "кичинекей болсоң дагы эркек катары үйдө башкы орунда сен турасың" деп келечегине жоопкерчилик артып жатат. Мына ушундай майда-барат турмуштук көрүнүш менен эле тарбиялап, балдарга ызаат көрсөтүп келген. Кыргыздар каада-салт, үрп-адат, жүрүм-турум менен эле баланын да, кыздын да ордун көрсөтүшкөн. Бүгүн тарбияны мектепке түртө салуудабыз. Бул жаңылыштык. Мектеп билимди, ал эми тарбияны ата-эне берет.
— Бата берүүнүн да тарбияга тиешеси болсо керек. Мурдатан элибиз дасторкон башында улуулардын колуна дайыма жаш балдарды суу куйдурууга ашыгышчу эмес беле?
Праздничный намаз в честь Курман айта - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Радио
Үч түрдүү бата дароо кабылданат деген ишеним болгон. Кыргыз таануучу менен маек
— Кыргызда "элдин уулу бол" дегенден ашкан бата жок. Анткени кыргыздын түшүнүгүндө эл бул бир бүтүндүктү камтыган жалпы маани. Ар бир адамдын эл ичинде өзүнө ылайык орду бар. Адам эли-журтусуз жашоодо өз ордун таба албайт. Кээде ата-бабанын сөзүн байкасаңар "элден ажыратпасын" деген сөз көп айтылат. Кыргыз үчүн эң чоң жаза өлүм жазасы болгон эмес. Керек болсо "жаздыкта өлгөн жаманат, жоодо өлгөн салтанат" деп келишкен. Эң чоң жаза — бул элден чыгып калуу болгон. Эл менен адамдын ортосундагы ажырагыс бүтүндүк эң чоң мааниге ээ. Тарбияда ушуну негиз катары биринчи койгон. Ошол себептен "эр энеден төрөлөт, эл үчүн өлөт", "эр жигит эл четинде, жоо бетинде" деген макалдар чыккан.
Бирок ага баары эле жете бербегени менен тарбиянын эң чоң максаты эл уулун тарбиялоо болгон.
— Азыр ошол эл уулун тарбиялоого эмне жетишпей турат деп ойлойсуз?
— Ушу тапта заманбап кыргыздын тарбиясы деле жаман эмес. Интеллигент, адамгерчиликтүү, жакшынакай таалим-тарбия көргөн билимдүүлөр абдан көп. Бирок эл камын көргөн жана эл үчүн жанын курман чалгандар аз. Баары жакшы болуп келип эле бийликке келгенде элден жүзүн буруп кетишүүдө.
— Мүмкүн кыргыздын байыркы тарбия башаты, эл уулун тарбиялоо түшүнүгү азыр заманбап маанисин жоготуп койгондур?
— Ошондой болуп калдыбы деп корком. Себеби чындап эл үчүн кызмат кылуу даңкталбай калды. Бүгүн биз "өз оокатыңдын камын көр, жашоо үчүн күрөш" деген принципти туу тутуп алдык. Албетте, жашоо үчүн күрөшүш керек, бирок кыргыз илгертен алгач керт башын эмес, жалпы элдин жашоосун ойлогон.
Кыргыздын "эл эмне дейт?" деген жакшы сөзү бар эле. Бүгүн "Эл эмне десе, ошо десин. Сага жагып жатабы, жаса. Элге жакканынын кереги жок. Сен бүгүн өз оокатыңды тыңдашың керек. Бутуңа тур", — деген принципти элдин сөөгү эмес, чучугуна чейин сиңирип салдык окшойт. "Эл эмне дейт?" — деген сөздү башкача нукта колдонуп калдык. Муну азыр намыс эмес, кур намыс үчүн атаандашып той берип же ысырапкерчиликке пайдаланабыз. Мурда эл эмнени туура десе ошону жасоого аракеттенсе, азыр тескерисинче.
— Кыргыздарда тарбия берүүдө негизги багыт кандай болгон?
— Балага тарбия берүүдө тамырды таанытуу керек болгон. Кээ бир адамдар кыргыз болуп төрөлгөнү үчүн сүйүнөт, демек, алар тамырын билет. Кыргыз болуп төрөлгөнүнө өкүнгөндөр да бар. Ошондуктан тамырды таанып, "сен кимсиң, кайсы элдин урпагысың? Элиңдин наркы, баасы эмне?" деген суроого жооп бере алуу керек.
Кыргызстандын желегин көтөргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2020
Байыркы бабам кандай эле?.. Эл энчисиндеги эгемендик тууралуу эки ооз сөз
Тамырга көңүл бурууда тамыр деген кенен түшүнүк. Эгер аны бөлүп карай турган болсок, биринчи кезекте тамыр — бул жер, мекен.
Бүгүн биз балдарыбыздын мекенибизге болгон сүйүүсүн арттыра албай жатабыз. Мамлекеттин азыркы жагдайына жараша убактылуу барып, чет мамлекетте иштеп келүүнү каалагандарды түшүнсө болот. Көр-тириликтин айынан мекенинен биротоло кетип калгандар болууда. Ошондуктан өспүрүм балдарда мекенчилдик сезимди бекемдөө кажет. Алыста жүргөн адам ата-энесин, бир тууганын сагынат деп ойлойбуз. Жок, адам эң биринчи жерин сагынат. Анткени табигый шартта адам эң чоң күчтү, демди жерден алат. Кыргыз кайда жүрбөсүн, алыстан ак мөңгүлүү тоону көрсө дароо кубанат. Себеби ал мекенинин элесин берет. Акыл-эси аны түшүнө электе аң-сезимдин тээ түпкүрүндөгү сезим сагынычты козгойт. Түпкүрдө жаткан сезим күчтүү болот, аны адам башкара албайт. Кыргыз түзөң жерде жүрүп, жай аккан сууну бойлосо анча ырахат ала албайт. Бирок тоонун түбүндөгү шар аккан суунун жанына барса кадимкидей сүйүнөт. Себеби бул анын табияты. Бөтөн жерге барганда да ошол боюндагы касиет аны козготот. Эгер баланын боюна бул касиетти уюта алсак, ал кайда жүрсө да оюнда жана акыл-эсинде мекени менен бирмин деп турат.
© Sputnik / Табылды КадырбековМелис Мураталиев: ушу тапта заманбап кыргыздын тарбиясы деле жаман эмес. Интеллигент, адамгерчиликтүү, жакшынакай таалим-тарбия көргөн билимдүүлөр абдан көп. Бирок эл камын көргөн жана эл үчүн жанын курман чалгандар аз
Президент ОФ Бакдоолот, кыргызовед Мелис Мураталиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мелис Мураталиев: ушу тапта заманбап кыргыздын тарбиясы деле жаман эмес. Интеллигент, адамгерчиликтүү, жакшынакай таалим-тарбия көргөн билимдүүлөр абдан көп. Бирок эл камын көргөн жана эл үчүн жанын курман чалгандар аз
Улуттун тамырына экинчиден мурас кирет. Мурас — бул сага чейинки ата-тектин, муундардын жетишкендиги, байлыгы. Анын ичинде жашоонун аксиомалары аталган макал-лакаптар, элдик оозеки чыгармачылык бар. Манас баштаган эпосторубуз, дастандарыбыз, төкмөлүк, каада-салт, узчулук өнөрдүн баары мураска кирет. Ошол эрежелер менен жашоонун маңызын бузбай, табият жана коомдун ичиндеги байланышты үзбөй улут катары сакталып калуу абзел.
Этно Фест фестивалынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2020
Элди коргоп, улутту сактап калган кайрандар. Эр-азаматтар тууралуу баян
Андан кийин тарых да тамырга кирет. Ата-бабаңдын басып өткөн жолунда эмне жетишкендиктер жана кемчиликтер болгондугун тарыхтан окуп, аны таанысаң өзүңө-өзүң кадимкидей баа бересиң. Кыргызда өткөнүн билбеген келечекке жол таппайт дешет. Биримдикке келип, эркиндикке жетүү үчүн эмне деген билим, эмгек, деңгээл керек. Муну билүү абзел. Билим азыркы деңгээлге жеткенге чейин кыргыз өз тарыхын санжыра аркылуу таанып келген. Санжыра деген он беш атаңдын аты-жөнүн санап берүү эмес. Бабаларынын жашоодогу ордун, жетишкендигин, асылдыгын, аны менен кошо кемчилдиги жана адашкандыгы болсо аны да кошо айтып, түшүндүрүп беришкен. Жаманынан сабак алып, жакшысын үлгү кыл дешкен. Бүгүн аны дагы татыктуу деңгээлде колдонбой фольклордук деңгээлге түшүрүп салдык. Санжыраны тарыхта негизги булак катары албастан "бул эми фольклор, оозеки чыгармачылык да" деп жомок катары карап калдык. Бирок биздин мурунку санжырачылар "Мен укканымды айтайын. Эгер менден кетсе, жүгүн мен алайын. Менден эмес, бирок туура эместик кетсе, мен уккан сөз ээси алсын..." деп баянын баштаган. Алар сөзгө чоң жоопкерчилик менен мамиле жасап муундан-муунга жеткиришкен. Бүгүн биз сөзгө маани бербей, талашып, сөздү тааныбай калгандыктан илим да аны жомок катары кабылдоодо.
Анан да баланы тарбиялоодо көңүл буруучу дагы бир өзөктүү тамыр — тил. Жазуучу Баяс Турал китебин "Тил — улуттун жаны" деп атаган. Мен ушул аталышка тээ укканда эле муюдум. Беш тилде эркин сүйлөсөң да, эне тилиңди жакшы билбесең тамырыңды таанып, мурасыңды окуп, санжыраңды тааный албайсың. Япондор баланы 12 жашка чейин эне тилинде гана тарбиялайт. Андан кийин гана окуу системасына башка чет тилдерди киргизет. Анткени баланын улуттук аң-сезими калыптанганга чейин башка тилдер ага тоскоол болот дешет. Баланы тарбиялоодо тамырга көп маани берүү керек. Тамырдан үзүлсөң — маңкурт болосуң. Ал эми маңкуртчулуктун айынан саны, өнүгүү жагынан бизден озуп кеткен чоң элдер да көп жоготууга учурашкан.
© Sputnik / Табылды КадырбековМелис Мураталиев: баланы тарбиялоодо көңүл буруучу дагы бир өзөктүү тамыр — тил. Анан бала укканын эмес, көргөнүн кылат. Балага көрсөткүч бул — ата-эне
Президент ОФ Бакдоолот, кыргызовед Мелис Мураталиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мелис Мураталиев: баланы тарбиялоодо көңүл буруучу дагы бир өзөктүү тамыр — тил. Анан бала укканын эмес, көргөнүн кылат. Балага көрсөткүч бул — ата-эне
— Тарбия берүүдөгү билим берүү жаатычы?
— Билим да эң чоң тармак. Жусуп Баласагындын 1000 жыл мурда жазылып, ушул кезге чейин жашоодогу ордун жогото элек керемет китебин "Кут билим" деп атаган. Аны ачканда эле алгачкы эки сабында "бирди билген тирик, миңди билген билик" деп турат. Адам бул жашоодо бир нерсени үйрөнүп алса, ал бул жашоодо өлбөйт. Өз тиричилигин улап кете берет. Эгер көптү билсең анда билик болуп (билик — чырактын жарыгы — ред.) калкка жарыгыңды чачып, алдыга жол көрсөтөсүң деген кыргыз. Билимдин эки түрү бар, биринчиси — адам акыл-эси менен келген илим. Ал эми экинчиси — жашоо билими. Ар бир элдин жашоо билими бар. Ал анын турмуш тажрыйбасынан топтолгон билимдер, алар негизинен салттарда, үпр-адаттарда, ырымдарда, тыюуларда, элдин акыл казынасында, макал-лакаптарында, оозеки чыгармачылыгында, дастандарда жана ырларда бар.
Бирок "Билимдин баары акыл болбойт" деген сөз бар. Бузуку да билим болот экен. Ал бузуку билим баланын боюна жик салчу, бүтүндү бузуп, бузукулукту алып келе турган билим. Азыр баланын укугу десе "бала өзү каалаганын кылууга укуктуу" деп айтып жатабыз. Бул туура эмес. Анткени баланын акыл-эси толук жетилген куракка келмейин ал үчүн ата-энеси жоопкерчилик алат. Анан да баланы тазалыкка үйрөтүү жагын да колго алуу керек. Мында кийимин, үстү-башын гана таза алып жүрүү эмес. Баланын ою, сөзү, дили да таза болсо, кылган иши да таза болот. Сөзү бузук адам эки элди уруштуруп, бүлүк салып коюшу мүмкүн. Анан иши таза болсо, жаман иштерге, уурулукка, коррупцияга барбайт. Бала укканын эмес, көргөнүн кылат. Балага көрсөткүч бул — ата-эне. Ошондуктан өзүбүз да үлгү бололу.
Жаңылыктар түрмөгү
0