Баткен жаңжалында көз жумгандардын жакындарына үйлөр курула баштады

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүҮйлөрдүн курулушу учурунда жумушчулар. Архив
Үйлөрдүн курулушу учурунда жумушчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Жазылуу
Тажик тараптын кол салуусунун кесепетинен Баткенде 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери жана жарандардын мүлкү күйүп жок болгон.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 8-майда, Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үй куруп берүү иштери башталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми башка жабыр тарткандардын турак жайын, талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери жакын арада башталары кошумчаланды.
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек
29-апрелде Баткендин Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайда тажик аскер күчтөрү кыргыз чек арачыларына, карапайым тургундарга карата ок аткан. Бул чоң жаңжалга айланып, тажик тарап миномёт, гранатомёт сыяктуу куралдарды колдонгон. Муну менен гана чектелбей алар Ми-24 тик учагы менен кыргыз айылдарын аткылаган.
Кол салуунун кесепетинен 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери жана жарандардын мүлкү күйүп жок болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0