Төрт кодексти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2021
Жазылуу
Сунушталган долбоордо мурдагы Бузуулар кодекси "Административдик укук бузуулар" кодекси болуп өзгөртүлгөн. Ал эми Жоруктар кодекси жоюлган.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстанда 2019-жылы күчүнө кирген төрт кодекстин жаңы редакциясын кабыл алуу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, Жазык, Жазык-процесстик жана Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин жаңы редакциясы, ал эми Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорлорунун демилгечиси башкы прокурор Курманкул Зулушев.
Документтин негиздеме катында акыркы жылдары Кыргызстанда сот адилеттигин жана укук коргоо системасын реформалоо боюнча иштердин эффективдүүлүгү тѳмѳн болгону белгиленет.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Зулушев: Жазык кодексинен тергөө менен кызматташуу беренесин алып салабыз
Ошондой эле бир катар кодекстердин жана мыйзамдардын сапаты сот бийлиги, укук коргоо органдары, адвокатура, эксперттик коомчулук жана жарандар тарабынан олуттуу сынга кабылганы жазылган.
Жогорудагы жагдайдан улам президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш түзүлгөнү айтылат. Бул кеңеш эксперттик жумушчу топ менен биргеликте жаңы кодекстерди иштеп чыккан.
Сунушталган долбоордо мурдагы Бузуулар кодекси "Административдик укук бузуулар" кодекси болуп өзгөртүлгөн. Ал эми Жоруктар кодекси жоюлган. Бул кодекске кирген анча оор эмес кылмыштар Жазык кодексине кайтарылган, ал эми кылмыш болуп саналбаган жоруктар Административдик укук бузуулар кодексине киргизилген.
Сунушталган кодекстердин долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0