Коронавирусту дарылаган кайсы ооруканада бош орун көбүрөөк? Тизме

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүОлимпийский спортивный комплекс в Баку переоборудован в госпиталь
Олимпийский спортивный комплекс в Баку переоборудован в госпиталь - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2021
Жазылуу
Бишкекте коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн 10 оорукана даярдалган. Азыркы тапта анын экөөндө бош орун жок экени маалым болду.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат берди.
9-май саат 12:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 8 ооруканада 132 орун бош:
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 39;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 6;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 27;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 31;
  • №6 шаардык клиникалык оорукана — 8;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 10;
  • Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүм — 2;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 9.
Учурда Улуттук хирургия борбору менен Чүй облустук ооруканасында бош орун жок экендиги айтылды.
Өткөн суткада Кыргызстанда 6 бейтап каза таап, 321 адам ооруну жуктурду.
Жаңылыктар түрмөгү
0