Барымтага алынган кыргызстандыктар боюнча Стамбул протоколу түзүлүүдө. Сүрөт

© Фото / Коалиция против пыток в КыргызстанеТажикстандын аймагында барымтага алынып, кийин кое берилген кыргызстандык жарандын денесиндеги көк ала
Тажикстандын аймагында барымтага алынып, кийин кое берилген кыргызстандык жарандын денесиндеги көк ала - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Жазылуу
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековдун айтымында, айылдыктардын абалы жакшы эмес, алар ачылып сүйлөшө албай жатышат.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Тажикстандын аймагында барымтага алынып, кийин кое берилген кыргызстандыктар боюнча Стамбул протоколу түзүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандагы Кыйноого каршы коалициядан билдиришти.
© Фото / Коалиция против пыток в КыргызстанеТажикстандын аймагында барымтага алынып, кийин кое берилген кыргызстандыктар боюнча Стамбул протоколу түзүлүп жатат
Тажикстандын аймагында барымтага алынып, кийин кое берилген кыргызстандыктар боюнча Стамбул протоколу түзүлүп жатат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Тажикстандын аймагында барымтага алынып, кийин кое берилген кыргызстандыктар боюнча Стамбул протоколу түзүлүп жатат
© Фото / Коалиция против пыток в КыргызстанеМаалыматка караганда, учурда эксперттер жарандардын денесиндеги тактарды карап, документке киргизип жатышат
Маалыматка караганда, учурда эксперттер жарандардын денесиндеги тактарды карап, документке киргизип жатышат - Sputnik Кыргызстан
2/3
Маалыматка караганда, учурда эксперттер жарандардын денесиндеги тактарды карап, документке киргизип жатышат
© Фото / Коалиция против пыток в КыргызстанеМедициналык кароо жана документтештирүү Стамбул протоколунун принциптери (кыйноо жана башка адамгерчиликсиз аракеттерди документтештирүү) менен жүргүзүлүүдө.
Медициналык кароо жана документтештирүү Стамбул протоколунун принциптери (кыйноо жана башка адамгерчиликсиз аракеттерди документтештирүү) менен жүргүзүлүүдө. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Медициналык кароо жана документтештирүү Стамбул протоколунун принциптери (кыйноо жана башка адамгерчиликсиз аракеттерди документтештирүү) менен жүргүзүлүүдө.
1/3
Тажикстандын аймагында барымтага алынып, кийин кое берилген кыргызстандыктар боюнча Стамбул протоколу түзүлүп жатат
2/3
Маалыматка караганда, учурда эксперттер жарандардын денесиндеги тактарды карап, документке киргизип жатышат
3/3
Медициналык кароо жана документтештирүү Стамбул протоколунун принциптери (кыйноо жана башка адамгерчиликсиз аракеттерди документтештирүү) менен жүргүзүлүүдө.
Маалыматка караганда, учурда эксперттер жарандардын денесиндеги тактарды карап, документке киргизип жатышат. Медициналык кароо жана документтештирүү Стамбул протоколунун принциптери (кыйноо жана башка адамгерчиликсиз аракеттерди документтештирүү) менен жүргүзүлүүдө.
"Айылдыктардын абалы жакшы эмес. Ачылып сүйлөшө албай жатышат. Кризис кете элек экени сезилип турат. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Себеби алардын жеке каалоосу болмоюнча биз Стамбул протоколун толтурууга адистерди чакырта албайбыз", — деди Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков.
Жалал-Абаддагы "Акыйкаттык" укук коргоочу уюмунун адвокаты Равшан Абдуллаеванын айтымында, кыргыз жарандарын Тажикстандын аскерлери уурдап кетип, аларды сабап кыйнаган. Барымтадагыларды Тажикстандын Гафуров районундагы милиция бөлүмүндөгүлөр ур-токмокко алышкан.
Последствия приграничного конфликта между Кыргызстаном и Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Тажикстан менен чек араны тактоо иштеринде эки тилке калганы маалым болду
"Айылдыктарды уруп-тепкилеп, автомат менен башка-көзгө чапкылашкан. Мындай аракет эки сутка бою уланган. Кийин тажик тилиндеги документке кол койдуруп алышыптыр. Барымтадагылардын бири алардын тилин түшүнөт экен. Кагазда алар чек ара эрежесин бузгандыгы жөнүндө жазылганын айтты. Бирок чындыгында жарандарды Тажикстандын аймагына өздөрү күч менен алып кетишкен", — деди Абдуллаев.
Барымтадагы 10 адамдын бешөө кыргыз, бешөө өзбек этносундагы адамдар болгон.
"Стамбул протоколу толтурулгандан кийин документтерди БУУнун кыйноолорду алдын алуу боюнча комитетине өткөрүп беребиз жана бул жарандардын коопсуздугу менен ден соолугуна кам көрүүнү суранабыз", — деди Рысбеков.
Улуттук борбордун жетекчиси Стамбул протоколун толтуруу үчүн эл аралык деңгээлдеги эксперт Бермет Барыктабасова тартылганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0