Мэрия Жеңиштин 76 жылдыгына карата илинген чуулуу баннерди алмаштырды

© Sputnik / Таалайбек ОроскуловБишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтына Жеңиштин 76 жылдыгына карата илинген баннер
Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтына Жеңиштин 76 жылдыгына карата илинген баннер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Жазылуу
Кайрадан илинген баннерде мурдагы фашисттин сүрөтүн мэрия эми Бурятиядан чыккан снайперге алмаштырган.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтына Жеңиштин 76 жылдыгына карата илинген баннерге согуш жылдарындагы фашисттик Германиянын аскеринин сүрөтү илинип, бул социалдык тармакта чоң талкууну жаратты. Мэрия аны алып, кайрадан жаңысын илүүгө аргасыз болду.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2021
Улуу Жеңишке 76 жыл толду. Кан майдандын каарын көрсөткөн сүрөт баян
Мэриянын маалымат кызматы мурдагы билдирүүсүндө мындай катага ким күнөөлүү экенин издеп жаткандыгын, ал өз жазасын аларын билдирген.
Жаңы илинген баннердеги мурдагы фашисттин сүрөтүн мэрия эми Бурятиядан чыккан Радна Аюшеев аттуу снайперге алмаштырган. Анын ким экендигин социалдык тармактын колдонуучулары өздөрүнүн постторуна жазышкан.
Чуулуу баннер туурасында мэрия Facebook тармагындагы баракчасына төмөнкүчө билдирүү калтырды.
“Ала-Тоо” аянтындагы баннер боюнча бүгүн социалдык тармакка баннерлердин бирине нааразы болгон пикирлер чыккан. Анда жалпы жасалгада биздин ата-бабалардын Жеңишке алып келген оор жана трагедиялуу жолун кийинки муундарга айтып берүү идеясы камтылган. А биздин милдет бул улуу эрдикти, Мекенди коргоодо жоокерлердин тарткан кыйынчылыктары менен жоготуулар болгондугун эсибизге сактоо эмеспи. Алардын каармандыгын, күчтүү патриоттуулугун жана майтарылбас эркин тарых катары карап, урмат менен мамиле кылабыз. Биз тарыхыбызды эстейбиз жана аны менен сыймыктанабыз”, — деп жазылган анда.
Ал эми кеп болуп жаткан Радна Будаевич Аюшеев (1922—1944) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Түндүк флоттун аскерлеринин снайпери экени айтылат. Аюшев Бурят Республикасынан болгон. Анын 1944-жылдын октябрь айындагы салгылаштагы эсебинде 25 душман болгон. Маалыматтарда снайпердин 1944-жылы дайынсыз жок болгондугу айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0