Ош шаарында таза суу кайрадан берилбей калды

© пресс-служба мэрии города БишкекКишилер сууну алып жатышат. Архив
Кишилер сууну алып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Кырдаалга байланыштуу "Ош шаар суу канал" ишканасы жашоочуларга сууну водовоз менен ташып келип бере турганын билдирди.
БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Ош шаарында ичүүчү сууну берүү кайрадан токтотулду. Бул тууралуу "Ош шаар суу канал" ишканасы билдирди.
Токтогул суу сактагычы кейиштүү абалга жеттиби? Дрондон тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Токтогул суу сактагычы кейиштүү абалга жеттиби? Дрондон тартылган видео
Учурда Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш, ХБК, Туран кичи райондорунда, Достук, Калинин массивдеринде жана башка аймактарда суу жок.
Мындан улам "Ош шаар суу канал" ишканасы жашоочуларга водовоз менен суу ташып келип бере турганын билдирди.
Таза сууну шаардыктар төмөнкү телефондор аркылуу чалып ала алышат:
  • 0 556 039599; 0 556 460585; 0 559 566671; 0 558 140888;
  • 8-11-15; 8-11-51; 5-04-16;
  • 105.
Жаңылыктар түрмөгү
0